Menu

Кыргыз Өкмөтү менен ЮНИСЕФ ортосундагы 2018-2020-жылдары кызматташуу программасынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУ Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) биздин өлкөнүн балдарына көрсөткөн колдоосун жогору баалайт. 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФ ортосундагы кызматташуу тууралуу  жаңы программа балдардын жеке өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү менен ийгиликтүү жана жемиштүү болот деп ишенем», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 17-июлда, ЮНИСЕФтин Борбордук жана Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директору Афшан Хан менен жолугушууда. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова маалымдагандай, 2017-жылы Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФ ортосунда 2012-2017-жылдары  кызматташуу  программасын ишке ашыруу жыйынтыкталат.

«Бул 5 жыл аралыгында  балдарды коргоо чөйрөсүндө жагымдуу улуттук саясатты жана мыйзам базасын иштеп чыгуу маселесинде сезилээрлик өсүүгө жетишилет. Коргоого алынган балдардын санынын өсүүсү жана балдар өлүмүнүн кыскаруусу, мектепке чейинки курактагы балдардын мектепке чейинки сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүгү, камактагы жашы жете элек балдардын санынын азайышы – бул биздин биргелшкен оор эмгектин жыйынтыгы», – деп билдирди ал.

ЮНИСЕФтин Борбордук жана Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директору Афшан Хан белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акыркы  бир нече жылдардагы жетишкендиктери менен сыймыктанса болот.

«Бул – балдар өлүмүнүн кыскаруусу, эмчек сүтүн эмген  наристелердин 32 ден 41% га чейин көбөйтүү, балдардын анын ичинен  29 %  6 жашка чейинки балдардын  билимге жеткиликтүүлүгү  жогорулаган, жер-жерлерде жаш өспүрүмдөрдүн  эркинен ажыратуу 84% кыскарган.

Биздин жаңы кызматташтык программабыз төмөнкүдөй багыттарга: балдардын укуктары боюнча өнүктүрүү чөйрөсүнө улуттук мониторингди бекемдөө,  балдардын эрте өнүктүрүүдө тамак-ашка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, балдарды зордук-зомбулуктан жана теңсиздиктен, сотто тең укуктуулукка жеткиликтүүлүгүн коргоо», – деп белгиледи Афшан Хан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: