Menu

Фотобаян – Кыргызстанда 1 млрд долларга ГЭСтерди куруп берет деп бийлик алып келген Liglass Trading ишканасынын бүгүнкү банкрот абалы

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы ири долбоорду активинде кароосуз калган айнек заводу гана бар фирма жүзөгө ашырат. Чехиядагы белгилүү Hospodarske Noviny басылмасынын сүрөтчүсү Лишни айылында жайгашкан заводго барып, кароосуз калган ишкананы сүрөткө тартып келген. Сүрөттөр жана маалыматтар byznys.ihned.cz сайтынан алынды.

1.Имараттын бир бөлүгү кароосуз калган жана талкалануу абалында турат. “Жылаңач дубалдар, чатырынан суу тамат”, – деп айтты күркөдөн бир нерсе сатып алып жаткан адам. Анын айтымында, заводдо жабдуулар жок, бирок аймак бош эмес. Мурдагы кызматкер болжол менен эки компания бул жерди ижарага алганын кабарлады.

2.”Кайсы бир заманда заводдун ушул көк дарбазаларынан Liglass фирмасынын асма шамдары дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап кетчү”, – деп эскеришет жергиликтүү тургундар. Ишкана белгилүү сүрөтчү Ян Саудек жана архитектор Ян Каплицкий менен кызматташчу. Соода реестринде бул имаратта Liglass Trading CZ фирмасы жайгашканы айтылат.

3.2016-жылы компания өзүн банкрот деп жарыялаган.

4.”Миллиарддар дейсиңерби? Бул тамаша го?”, – деп какшык жооп кайтарган жергиликтүү тургундардын бири “ал жакта шыбы күбөлөнүп түшүүдө” деди.

5.Буга чейин бул жерде 1 200 киши иштегенин айтат заводдун мурдагы кызматкери. “Мурда мен жумушчуларды автобус менен ташычумун. Азыр болсо ал жерде эки жумушчу асма шамдар үчүн тетик жасашат”, – деп айтты ал. Жергиликтүүлөр заводду ичине кирип көрсө болорун, бирок ал жакта кызыктуу эч нерсе жоктугун айтышат.

6.”Мен эч нерсе билбейм, түшүнбөйм”, – деди жума күнү кечинде Liglass ишканасынын мурдагы кызматкерлеринин бири. Ал мурдагы жетекчиси мынчалык чоң акча тапканына ишенген жок.

7.Таштанды кутусу толуп калган, ал эми кире бериши көпчүлүк цехтердей эле бош турат.

8.Жергиликтүүлөр Михал Смеликти өтө демилгечил жетекчи катары сүрөттөшөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, анын агасы Рене жумшак адам. 10-июлда Бишкекте ири энергетикалык долбоорго кол койгон Смелик мырза Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана долбоор тууралуу маектешүүгө көнгөн жок.

9.Анткен менен комплекс бош жаткан жери жок. “Айнек менен иштеген эки компания бул жердеги жайларды ижарага алышат”, – деп айтты Liglass заводунун мурдагы кызматкери.

10.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: