Menu

Бишкек ШИИББси 2017-жылдын жарым жылдык ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыгын өткөрдү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 14-июлунда Бишкек ШИИББси ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча жарым жылдык жыйынтыгынын отуруму болуп өттү. Отурумга ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Д. Абдыкаров, Бишкек ШИИББдин башчысы С. Курманкулов, ШИИББдин орун басарлары, Бишкек ШИИББдин Борбордук Аппаратынын жетекчилиги менен райондордун бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. Отурумда Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматтарынын 2017-жылдын жарым жылында кылынган иштерине жогоруу баа берилип, аткарыла турган тапшырмалары айтылды. Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Д. Абдыкаров ШИИББнын милиция кызматкерлери оор кылмышты ачыктоодо, өзгөчө коомдук талкууну жараткан кылмыш иштерин иликтеп, бетин ачууда жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүшкөнүн белгилеп кетти. Андан сырткары, милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө кылмыштын бетин ачууга, жолун тосууга, иликтөөгө өзгөчө орун берилгени, кылмышты жана укук бузуучулукту алдын алуу, өздүк курамдын арасында тарбия иштерин убагында өткөрүү менен мыйзамдулуукту сактоо жүргүзүлүп тураары отурумда айтылды. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарында митинг, пикеттердин саны азайып, туруктуулук менен коопсуздук орун ала баштады. 2017-жылдын жарым жылдыгында (6 ай) ар кандай топтогу адамдар 188 митинг өткөрүшкөн. Анын ичинен саясий мүнөздөгү-90, коомдук-экономикалык мүнөздөгү-98 иш-чара өтүп, ага 155 соттук териштирүү болгон. Бишкек ШИИББдин өздүк курамы 236 расмий иш-чараларда коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздап турушкан. Бишкек шаарынын аймагында кылмыш ишин алдын алуу аракетинде коомдук саясий туруктуулукту камсыздоо, коомдук жайлар менен көчөлөрдө кылмыштуулукту алдын алуу, бетин ачууга багытталган иш-чаралар Бишкек ШИИББдин коомдук коопсуздукту сактоо багыты боюнча иш-жүзүнө ашып, көзөмөлдөнүп тураары жарым жылдык отчетто айтылды. Ички иштер органынын кызматкерлери кылмыштын бетин ачуусунун натыйжалуу болушу кылмыш болгон жердеги иликтөөгө көз каранды болоорун билдирди.

Былтыркыга салыштырмалуу борбор калаабыздын кылмыштуулук абалын изилдөөдө кылмыш ишин ачыктоо көбөйүп жатканын көрсөттү.

2017-жылдын 6 ай аралыгында 4683 кылмыш иши катталса, анын ичинен 3411нин бети ачылып, өткөн жылга салыштырмалуу 390го жогору көрсөткүчтү көрсөттү. Отурумда ар бир жетекчинин отчету угулуп, ички иштер органынын алдына: милиция элдин ишенимине ээ болуш үчүн кесипкөйлүктү көрсөтүү, этикалык норманы сактоо, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, жоопкерчиликти өз мойнуна алуу боюнча маанилүү тапшырмалар коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: