Menu

Тайырбектен калган ботконун азабын эл тартууда

Бөлүшүү:

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп турганда киргизген биометрикалык паспорт боюнча коомчулукта нааразычылык күчөдү. Бул боюнча Сарпашев мактап-жактап, акылдуу пикирлерин айтып жатканда эле каршылыктар болуп, жүйөлүү сындар айтылган. Бирок Тайырбек мырза кулак салып койгон эмес. Мына эми чалмакейи чыккан реформанын кесепетинен биометрикалык паспорт алган жарандар мамлекеттин шалаакылыгына жандары кашаюуда. Дегенибиз, аты, фамилиясынан башкасы жашыруун сакталган паспортту колдонууга мамлекеттик органдар өздөрү даяр эмес экен. Салык кызматы, банк тармагы, соцфонд, деги койчу бардыгы маалымат сакталган чипти окуй алышпайт экен. Окуй турган электрондук система орнотулган эмес. Никеси барын (аялы же күйөөсү бары-жогун), жашаган жери боюнча, улуту кыргыз же башка улут экендиги тууралуу справка алып кел дешет экен, кайсы мамлекеттик органга кайрылсаң. Анан кайра МККга чуркайт экенсиң, кыскасы түмөн түйшүк..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: