«Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» дегендей, президент болом деген дымак менен жаны тынбай чабагандап жүргөн Темир Сариевди өзүнө окшогон кылмышка шектүүлөр колдойт экен. Мына Сариев Балыкчы – Корумду жолун куруудагы коррупцияга шектелип кылмыш иши козголуп сурак берип жүргөнүн коомчулук жакшы билет. Азырынча ак-карасы аныктала элек. Демек, баскан изи мандемдүү катары шектенүү күчүндө турат. Эми болсо дал өзүндөй эле шектүү фигура катары кылмыш иши козголуп, сурактан башы чыкпай келе жактан мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев шайлоодо колдоо көрсөтмөкчү болуп жатыптыр. Мындан улам, жоктон тапкансып өзүнө окшогондорду айланасына топтоп жатканына караганда, алыс деле барбайт окшойт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ