Menu

Таласта “Жерүй” алтын кенинин каражатына дагы бир кичи футбол аянтчасы курулду

Бөлүшүү:

4-июлда Талас районундагы Арал айылында “Жерүй” алтын кенин иштетүү үчүн лицензиядан түшкөн каражатка дагы бир кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Аталган жайга жергиликтүү элдин сунушу менен көп жылдар бою айылдагы орто мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеген маркум Рахманаалы уулу Сүйүнтайдын
ысымы ыйгарылды.

Буга байланыштуу, спорт аянтчанын ачылыш күнү Рахманаалы уулу Сүйүнтайдын үй-бүлөсү жана “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан кичи футбол боюнча атайын турнир уюштурулду. Оюнга Талас району менен Талас шаарынан 22 команда катышып, курч мүнөздөгү таймашта Манас айылынын “Кушубак” командасы биринчи орунга жетишсе, Талас шаарынын “Тамадалар” командасы экинчи, Арал айылынын “Арал” командасы үчүнчү байгелүү орундарга ээ болушту. Ал эми төртүнчү орунду Өмүралиев айыл өкмөтүнүн “Манас” командасы багындырып, кызыктыруучу сыйлыкка жетишти.

Оюндун жеңүүчүлөрү, уюштуруучулар жана Рахманаалы уулу Сүйүнтайдын үй-бүлөсү, достору тарабынан кубок, акчалай сыйлыктарды алышты. Мындан тышкары, турнирдин чемпиону болгон “Кушубак” командасы “Альянс Алтын” компаниясынын кубогу, алтын медалдар менен сыйланышты. Ушундай эле күмүш жана коло медалдарга жеңүүчү деп табылган башка командалар да ээ болушту.

Ошондой эле эң мыкты дарбазачы, эң мыкты коргоочу, эң мыкты чабуулчу, эң мыкты насаатчы наамдары калыстар тобу тарабынан аныкталып, алар дагы “Альянс Алтын” компаниясынын акчалай байгелерине татыды.

Белгилей кетчү нерсе, бул “Жерүй” алтын кенин иштетүү үчүн лицензиядан түшкөн каражатка курулган Талас районундагы 9-кичи футбол аянтчасы болуп калды.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: