Menu

Коррупция менен күрөшүү агенттигинин 10 кызматкеринин иши Жогорку Сотко өттү

Бөлүшүү:

Тажикстанда жемкорлукка айыпталган Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин ондой кызматкеринин, анын ичинде директордун мурдагы орун басары Давлатбек Хайрзода менен тергөө комитетинин башчысы Фируз Холмуродзоданын иши Жогорку Соттун кароосуна өттү.

Жогорку Соттон маалымдашкандай, аталган чиновниктер алдамчылыкка, пара алууга жана башка кылмыштарга айыпталышууда.

“Бул иш “жашыруун” деген мөөрдүн астында тергелүүдө, азыр ал Жогорку Соттун кароосуна келип түштү. Жакынкы күндөрү жабык эшик артында сот жараяны башталат”, – деди Жогорку Соттун төрагасы Шермухаммад Шохиён.

Тажикстанда Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттиги президенттин жарлыгы менен 2007-жылы түзүлгөн. 2012-жылы мамлекет башчынын сынынан кийин агенттиктин директорунун үч орун басары жумуштан алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: