Menu

Украина менен Молдова чек ара өтмөгүн ачышты

Бөлүшүү:

Украина президенти Петр Порошенко менен Молдованын премьер-министри Павел Филип 17-июлда эки мамлекеттин ортосунда чек ара өтмөгүн ачышты. Өтмөктүн Молдовага караган бөлүгү жикчил Приднестровье республикасына караштуу.

Көзөмөл-өткөрмө бекеттин ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Украина президенти Порошенко Киев Молдованын аймактык бүтүндүгүнүн толугу менен калыбына келишине жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Приднестровье бийлиги Украина менен Молдованын ортосундагы чек ара өтмөгүнүн ачылышын айыптап, муну республиканы экономикалык жактан кысымга алуу катары баалады.

Москва колдоого алган, Украина менен жалпы чек арага ээ Приднестровье – Молдовадан 1990-жылы бөлүнүп чыккан. 1992-жылы Молдова менен жикчилдер ортосунда жаңжал болуп, ага орусиялык аскерлер кийлигишкен. Приднестровьенин көз карандысыздыгын бир дагы мамлекет тааный элек. Аймакта Орусиянын 1200 аскер кызматкери бар. Кишинев бир нече жолу Приднестровьеге эл аралык тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүүнү сураган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: