Menu

Өзбекстанда беш миңден ашуун имамдын билим дэңгээли текшерилди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Мусулмандар дин иштери боюнча башкармалыгы беш миңден ашуун имам менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алардын билимдерин текшерди. Маалыматтарга караганда, диний билимдери төмөн имамдарга жана алардын орун басарларына эч кандай чара көрүлбөйт.

Башкармалык билдиргендей, маектешүүнү Ташкенттин белгилүү имамдары жүргүзүштү. “Учурда өлкөдө ири илимий борборлор ачылууда. Мындан улам биз кайсы имамдарды бул борборлорго жөнөтүүгө болорун билгибиз келди”,-деди Мусулмандар дин иштери боюнча башкармалыгынын өкүлү Абдуманнап Усманов.

Анын айтымында, билими төмөн имамдар кийинчерээк иштен айдалышы ыктымал, бирок азырынча аларга карата чара көрүлбөйт. Маектешүүнүн жыйынтыктары 20 күндөн кийин белгилүү болот.

Ферганалык имамдардын биринин айтымында, маектешүүгө катышкандардын көбүнүн билим дэңгээли төмөн, материалдык абалдары начар.

– Алардын айлык акысы 1-1.5 милион сумду (120-180 АКШ доллары) түзөт жана анын теңин эле салыкка төлөшөт. Көпчүлүгү маяна албай Аллах үчүн иштешет. Мечитке намазга жыгылуу үчүн гана барышат, китеп окушпайт,-деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: