Ооганстандын биринчи вице-президентинин администрациясы генерал Абдул-Рашид Дустумдун учагына Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари Шариф аэропортуна конууга уруксат берилбегени, мындан улам ал Түркмөнстанга барганы тууралуу маалыматты четке какты.
Генерал Дустум Түркиядан Ооганстандын түндүгүнө барууга аракет жасаганы тууралуу маалымат 18-июлда тараган. Кабулдан келген кабарларга караганда, учактын конушуна Кундуз провинциясында жайгашкан НАТОнун курамындагы немис аскердик күчтөрү кедерги болушкан.
НАТОнун Ооганстандагы администрациясы бул маалыматты четке кагып, ооган өкмөтүнүн ички иштерине кийлишпей турганын билдирди.
Бул арада “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары генерал Дустумдун учагы 17-июлда Түркмөнстандын чыгышындагы Мары аймагына конгонун маалымдады. Ал Түркмөнстанда бир нече саат болгон. Бирок Дустумдун расмий өкүлдөрү генерал Ооганстанга учпаганын, бирок жакында келерин айтышууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ