Он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алып, ага кошумча Жогорку Нарын каскадын куруу ишин алган чехиялык Liglass Trading CZ компаниясынын айланасындагы чыр жаңы өңүттө уланууда. Чехиялык компания Кыргызстан менен келишимге кол коёрдо расмий сайтына ГЭС куруу боюнча ийгиликтүү ишмердүүлүгү бардыгын, Кабардино-Балкария, Чехия ж.б. өлкөлөрдө ГЭС кургандыгы тууралуу маалымат жайгаштырган. Бирок бул ГЭСтердин Чехиялык аталган компанияга эч тиешеси жоктугун журналисттер иликтеп чыккандан кийин, ал маалымат дароо өчүрүлгөн.
Булак: “September TV“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ