Menu

Атамбаев-Турсунбеков чарпышы…

Бөлүшүү:

Чыныбай Турсунбеков 2010-жылдан кийин КСДПнын капчыгы болуп берди. 2011-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик өнөктүгүндө. Ага чейинки, андан кийинки парламенттик шайлоолордо аянбаганын айтпаса да түшүнүктүү. Ошол “спонсорлугуна” жараша Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагалыгына жетип, бийликтин бийик сересине чыкты. Бийик середен андан аркы бийиктик кол созумдай көрүнүп, президенттик амбициясы ойгонду.

Албетте, Чыныбай мырзада президенттик амбициянын ойгонушунда эч кандай чекилик жок. Анда алдыга сүрөгөн акча, байлык бар. Төрага учурунда эл-журтка ого бетер таанылды дегендей.

Чыныбай Турсунбеков мына ошол “спонсорлугун” Алмазбек Атамбаев баалап, аны партиянын атынан талапкерликке көрсөтөрүнө чоң үмүткөр болуп жүргөн экен. Бирок Атамбаев эски досуна ишеним артып, Сооронбай Жээнбековду тандады.

Мына ушунун айынан Турсунбеков менен Атамбаевдин ортосунда жарака жаралды, келишпестик пайда болду. Ал келишпестиктин биринчи белгиси 17-майда КСДПнын саясий кеңеши Атамбаевдин буйругу менен Сооронбай Жээнбековду колдоп, Чыныбай Турсунбеков колдобой койгонунда байкалды.

Алмазбек Атамбаев мына ошондон кийин Чыныбай Турсунбеков КСДПнын атынан шайлоого катыша албасын, “кечээ эле партияга келген Чыныбай Турсунбековго караганда, Сооронбай Жээнбеков менен көп мезгилден бери үзөңгүлөш экенин, аны абдан жакшы билерин” ачык айтты.

Мына ушундай эскертүүлөргө карабастан Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин 30-июнда маалымат жыйынында, андан кийин 15-июлда КСДПнын курултайында билдирди. Курултайда өз программасы тууралуу айтууга да үлгүрдү.

Бирок курултайдагы мындай “өзүм билемдиги” үчүн Алмазбек Атамбаевдин эң жакын шакирттеринин бири, КСДПнын шайлоо штабынын башчысы, партиянын азыркы “рулевою” Фарид Ниязовдон абдан катуу эскертүү алды.

КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары (төрагасы Алмазбек Атамбаев. Президенттигине байланыштуу төрагалыкты токтоткон. Бирок иш жүзүндө андай эмес) Фарид Ниязов Чыныбай Турсунбеков шайлоого талапкер катары аттанса, анда партиядан четтетилерин эскертти. “Партиянын уставына ылайык партиянын ар бир мүчөсү курултайдын чечимин аткарууга тийиш. Эгерде кимдир-бирөө аны аткарбаса, анда ага КСДПда орун жок”,- деди Ниязов.

Мына ушундай эскертүүгө Чыныбай Турсунбеков каяша айтып, ал эмес партияны “чыныгы кожоюндарынан” талашкандай түр көрсөттү. Төрага “партия өзү тазаланууга муктаж. Биз балласты жоготушубуз керек. Партияга мандат жана кызмат үчүн келгендерден арылышыбыз керек” деди.

Чыныбай Турсунбеков “биздин партиядан эки талапкер болот. Бирок бул бөлүнүүнү билдирбейт” деп, “акты кара, караны ак” деп курултай делегаттарын ишендирүүгө аракет жасады. Андан майнап чыкпай делегаттар аны сөзүн токтотууну талап кылышты, ышкырып ызы-чуу салышты…

Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин эки жолу билдирди. Ошондуктан анда артка чегинүүгө мумкүнчүлүк калбады. Ал чегинип кетсе, саясатчы катары карьерасына чекит коюлуп калат.

Чегинбей аттанса партиядан чыгарылып, төрагалыктан ажырайт. Бирок депутаттык мандатын сактап кала берет. Ачуусу чукул Атамбаев абакка салып эле ит кылбаса…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 97 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: