Menu

Чүй облусунун аймагында уруксаатсыз көчөлөрдө соода кылууну жоюу максатында чаралар көрүлүп башталды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 17-июлунан баштап көчөлөрдө уруксаатсыз соода кылуу жана Чүй облусунун көчөлөрүндө өз эрки менен жарнактарды илүүнү жоюга багытталган Чүй облусунун Бишкек ШИИББдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Жарнама тактасы” “Соода” аталышындагы текшерүү иш-чарасы башталды. Бул туурасында Чүй ОИИББнин ПМБнын Басма сөз кызматы билдирет.

Жай мезгили болгондуктан, жарандардын көчөлөрдө уруксаатсыз соода кылуусу башталган. Жолдордун боюндагы тилкени пайдалануу эрежелерине ылайык, транспорт каражаттар жүргөн жолдордо соода кылуу автоунаа тыгынын пайда кылып, жол кыймылынын коопсуздугуна таасир этүү менен жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, өз эрки менен илинген жарнактар алынып, ээлерине болсо административдик мүнөздөгү чаралар көрүлүп, айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Ушул мүнөздүү текшерүү иш-чаралары ар дайым жүргүзүлүп турмай болду.

Чүй облусунун Патрулдук милиция башкармалыгы эскертет: Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 217-беренесине (жолдордун тилкесин колдонуудагы эрежелерди сактоо) ылайык, мйзамсыз илинген жарнактардын ээси 2000 сом үлүшүндө айын пул төлөөгө милдеттендирилет.
Урматтуу жарандар!

Сиздин көчөдө жүргөн жүрүм-турумуңүздан сиздин гана эмес тегеректеги жарандардын коопсуздугуда көз каранды. Өтмөктөрдө болуп жаткан ар бир экинчи автокырсык жөө жүрүүчүлөрдүн айыбынан болуп жатканын эске алгыла. Көчөлөрдөн өтүп жатканда сак болгула!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: