14-июлда болуп өткөн үрөй учурган окуядан соң Ош облусунун Жапалак айылынын тургундары чогулуп, ак сакалдар кеңешин өткөрүштү.
Чогулган эл арактын кесепетинен улам чыгып жаткан окуяларга көңүл буруп, мындан ары айылда арак сатууга каршы экенин айтышып, дүкөндөрдө аны сатпоону бир ооздон колдошту.
Жыйынтыгында, айылдагы бардык дүкөндөрдөн арактар чогултулуп жок кылынды.
Эске салсак, 14-июль күнү 83 жаштагы чал өзүнүн 1938-жылы туулган байбичесин, үйүнө кызуу келип, ортолорунда чыккан кичинекей чырдан улам моюнга бычак менен сайып салган. Бычак жеген аял көчөгө жардам сурап качып, бирок алган жаратынан улам каза болгон.
https://youtu.be/nIAsCiHh8tM
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ