Menu

Сооронбай Жээнбеков: «Бишкек-Ош» автожолу дирекциясынын башчысы кайдыгерлиги жана кесипкөй эместиги үчүн кызматтан алынат”

Бөлүшүү:

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  бүгүн,  19-июлда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Ош  унаа жолунун 133-чакырымындагы тилкениин абалын иликтеди. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Трассаны көрүп чыккан соң Өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Бишкек-Ош» автожолу мамлекеттик дирекциясынын ишин мурда аныкталган ремонт мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн катуу сынга алды.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, «Бишкек-Ош» автожолунун башкы директору  Изатбек Токтомамбетов өз милдеттерин аткарбагандыгы, өкмөттүн тапшырмасын жана ремонт ишинин графигин үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн кызматынан алынат.

Премьер-министр эскерткендей,  мурунку жолу  автожолдун аталган тилкесин иликтөө учурунда ремонт иштери 2017-жылдын  30-майында башталары тууралуу маалымат берилген.

«Көрсө ремонт иштери жакында гана башталыптыр. Калк тарабынан Бишкек-Ош автожолунун начар абалы боюнча тынымсыз даттануулар келип түшүүдө. Күн сайын аталган магистралдан 2миңге жакын унаалар каттайт. Ремонт башталган 45 күндөн бери болгону 2,5 чакырым жол оңдолгонуна ишенүү кыйын. Эгерде аба ырайы күндүзү ишти жүргүзүүгө тосккооллдук кылса, анда түнкү убакытта жүргүзүүгө болот. Каржылоодон көйгөй жок, бардык зарыл техника берилген. Айрым аткаруучулардын кайдыгер мамилеси жана кесипкөй эместигинен бардык күнөлөө Өкмөттүн дарегине келип түшүүдө », – деп баса белгиледи  Премьер-министр.

Транспорт жана жолдор министри  Жамшитбек Калилов маалымдагандай, азыркы учурда 2,5 чакырым аралыкка асфальт бастырылган. План боюнча жалпысынан 12 чакырым аралык асфальтталат. Каржылык көйгөй жок, бул максатта 98млн сом бөлүнгөн.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине 2017-жылдын 15-августуна чейин автожолдун аталган тилкесин ремонтун аяктоону тапшырды. Эгерде тапшырма аткарылбаса, жооптуу жетекчилер мыйзам алкагында жазаланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: