Menu

Өзбекстанда Мамлекеттик салык комитети жоюлат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Мамлекеттик салык комитети жоюлуп, Каржы министрлигинин бир бөлүгү же Башкы прокуратуранын алдындагы департамент катары иштейт.

Президенттин жарлыгы менен 1-августтан тарта салык комитети – көз карандысыз фискалдык орган катары өз ишин токтотот.

Салык комитетинин өкүлдөрү акыркы эки-үч айдан бери мекеме жоюлары тууралуу кеп тараганын белгилешти. “Күн мурун президент жарлыкка кол койгонун билебиз. Азырынча ал документ тууралуу кененирээк маалымат жок”,-деди салык кызматкерлеринин бири.

Маалыматтарга караганда, салык чогултуу милдеттери Каржы министрлигине жүктөлөт. Салыктардын төлөнүшүн Башкы прокуратуранын алдындагы департамент көзөмөлдөйт.

Эгер мурун салык кызматкери ар кыл текшерүүлөр менен алектенип келсе, мындан ары салык чогултуу милдетин гана аткарышат. Өзбекстан президенти буга чейин текшерүүлөрдүн санын азайтуу керектигин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: