Menu

Орусияда “өлүм топторунун” негиздөөчүсү делген жигит 3 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Орусияда сот “Филипп Лис” ысымы менен белгилүү 22 жаштагы Филипп Будейкинди үч жыл, төрт айга түрмөгө кести. Ал өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү жана суицидке түртүүгө күнөөлөнгөн.

Соттук жараян учурунда айыпталуучу эки өспүрүм кызды өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндөгү ойлорго жөндөгөнү аныкталган.

“Интерфакс” басылмасы кабарлагандай, Филипп Будейкин күнөөсүн толугу менен моюнга алган. Тергөөнүн версиясы боюнча ал 2016-жылдын жаз айларында өспүрүмдөрдүн арасында суицидди пропагандалап, аларды өзүн-өзү өлтүрүү аракеттерине түрткөн.

2016-жылы майда “Новая газета” басылмасы “Өлүм топтору” аттуу макаласын жаырялаган. Анда “Вконтакте” түйүнүндө өспүрүмдөрдү өлүмгө азгырган секта бар экени, топко 130 мектеп окуучусу тартылганы айтылган. Мындан көп өтпөй көптөгөн өлкөлөрдүн басылмалары социалдык түйүндөрдөгү жаңы коркунучтуу оюн тууралуу кабарларга токтолушкан. Бул темага болгон кызыгуулардын толкуну менен Мамлекеттик Дума Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, “өлүм топторун” түзүүгө карата жаза киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: