Menu

Республика боюнча 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында 242 миң ID-карт берилди, алардын ичинен 102 миңи жаңы үлгүдөгү идентификациялык карталар

Бөлүшүү:

Бүт республика боюнча 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында 242 миң ID-карт берилди, алардын ичинен 102 миңи жаңы үлгүдөгү идентификациялык карталар Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2017-жылдын 1-жарым жылдык ишинин жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыкка арналган маалымат жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Учурда калктын Бирдиктүү мамлекеттик реестри өлкөнүн калкынын каттоо системасынын бардык компонеттерин камтыйт. Кызматтын аткарган ишинин эң маанилүү багыттарынын бири болуп, эл аралык стандарттарга туура келген жаңы үлгүдөгү паспортторду (идентификациялык карталар) даярдоо жана тапшыруу. Муну менен бирге жарандык абалдын актыларын каттоо системасын өнүктүрүү боюнча да иштер аткарылып жатат. Аталган долбоордун алкагында жаңы үлгүдөгү жарандык абалдын акт күбөлүктөрүн, туулгандыгы тууралуу, никеге туруу жана никени бузуу күбөлүктөрүн тапшыруу пландалууда. Жаңы документтер коргоонун жакшыртылган элементтерине ээ болуп, өздүктү тактоо тартиби автоматташтырылат. Көрүлүп жаткан чаралардын жыйындысы калкты каттоо системасынын ишинде кандайдыр бир тобокелчиликтерди жокко чыгарууга багытталган», – деп МКК төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Ошондой эле ал билдиргендей, Калкты тейлөө борборлорун кайра форматтоо иштери жүргүзүлүп жатат.

«Августта КТБ-2ни ишке киргизип, аны дароо жаңы форматта иштетүү пландаштырылууда. Бишкек шаарында үчүнчү Калкты тейлөө борборун ачуу, ошондой эле жылдын аягына чейин Сокулукта жаңы КТБ ачууну пландаштырып жатабыз», – деди Дастан Догоев.

Ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү маселеси тууралуу айтып жатып, Дастан Догоев 10го жакын мамлекеттик органдар МККнын электрондук системасына кошула алаарын белгиледи.

«Мындан тышкары, электрондук форматта жарандын макулдугу менен кызмат базасындагы маалыматты ала алышкан 13 коммерциялык банк менен макулдашууга жетиштик, нотариалдык конторалар менен тиешелүү жумуш аткарылууда. Ведомство аралык өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу маселесин «Түндүк» системасын ишке киргизүүнүн алкагында комплекстүү чечүү пландаштырылууда»,- деди Дастан Догоев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: