Menu

Канатбек Исаев козголгон кылмыш ишине моюн бербей, президенттик шайлоого аттанды

Бөлүшүү:

Чүйдүн лидери Канатбек Исаевге кылмыш иши козголгондон кийин көпчүлүгү ойлошкон, «а болду, бала ушуну менен тынчыйт го» дегендей. Жо-ок, ал ого бетер чыйралды. Башкалардай коркуп калбай, өзөктүү жигит экенин далилдеп келатат.

Айтмакчы, Канат мырзага козголгон кылмыш иши боюнча Жогорку Кеңештен атайын комиссия түзүлүп, «ак» же «көк» экенин саресепке алышты. Жыйынтыгында, 12 депутаттын курамындагы топ (анын төртөө КСДП) Исаевге козголгон иштин мыйзамсыз экенин далилдешип, аны 96 депутат колдоо менен корутунду чыгарып беришти. Бул жерде толук кандуу саясый боёк бар экени дал ушул парламенттин баасы аркылуу аныкталууда. ЖК комиссиясынын курамындагылар: Шайназаров, Зулушев, Кодуранова, Зулпукаров, Мамытов, Мадеминов, Ормонов, Шыкмаматов ж.б.

Азырынча соттук процесс баштала элек. Балким болбой да калышы мүмкүн. Себеби, алгач жаш лидерге куугунтук башталганда, Чүйдүн чыгыш тарабындагы калың эл кыжырданып, «эгер Канатты камаса, Токмоктун жолун бууп, чоң нааразычылык жаратабыз» деген кептерди айтышканбы? Андай болсо дүйнөлүк коомчулукка чейин «дүң» болмокпуз! Мамлекетке хаостун не кереги бар? Буюртма берип, чалма ыргытуунун заманы небак өткөнүн качан түшүнөбүз?

Учурда Исаев табына келип, жакынкы күндөрү президенттик шайлоого аттануу менен курултай өткөзүп, БШКга расмий түрдө документтерин тапшыруу машакатында болууда. Негизи өзөктүү жигит өргө гана чабат, мындайда аны эч ким «сындыра» албайт. Артында колдогон таасирдүү достору, эли бар.

Атаганат, Каке кичүүлүк кылып, агасы Темир Сариев менен биротоло тил табышып, толук кандуу мунасага келишсе, чоң күчкө айланышат эле. Бири Сары Өзөндүн чыгышынан, бири батышынан эмеспи…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: