Menu

Казакстанда активисттер камактагы журналисттин сабалганын аныктоого аракет кылышууда

Бөлүшүү:

Камактагы оппозициячыл журналист Жанболат Мамайдын абакта сабалышына тынчсызданган 30дай жарандык активист 19-июлда Алматы шаарынын прокурору менен жолугушту.

Жолугушууда прокурор Габит Миразов Мамайдын даттануусу дароо каралганын, бирок кийинчерээк журналист сабалганы тууралуу доосунан баш тартканын билдирди.

Оппозициялык “Трибуна” гезитинин 28 жаштагы редактору Жанболат Мамай 10-февралдан бери Алматы шаарынын тергөө абагында отурат. Ал мурунку банкир Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталууда. Бирок экөө тең бул айыпты четке кагып, аны кармоо максаты саясий өңүттө экенин билдирип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: