Өткөн түнү Москвада белгисиз кишилер журналист Юлия Латынина жашаган үйгө кол салышкан. “Эхо Москвы” билдиргендей, кылмышкерлер имаратка курамы белгисиз газ чачышкан.
Кол салууда Латынинадан тышкары дагы жети киши жабыркады, алардын ичинен төртөө кары адам, экөө жаш бала. Журналист полицияга кайрылууга ниеттенген жок. “Мен бул комедияга катышпайм”,– деди Латынина.
Былтыр августта белгисиз кишилер Юлия Латынинага заң чачып кетишкен. Полиция журналистке кол салуу анын кесиптик ишине байланыштуу эместигин бышыктаган. Бирок иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу башка маалыматтар жок.
Юлия Латынина саясий жана экономикалык иликтөөчү катары белгилүү. Саясий фантастика жана саясий-экономикалык детективдердин автору. Филология илимдеринин кандидаты.
«Эхо Москвы», «Коммерсантъ» жана «Ежедневный журнал» менен кызматташып, орус бийлигин кескин сындап келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ