Menu

Кыргызстанда Экологиялык коопсуздук жана Жибек-Жолундагы айлана-чөйрөнү коргоо” аталышындагы Эл аралык симпозиуму өтөт

Бөлүшүү:

     Аталган иш-чара  22-24-августта өтөт, – деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын маалыматтык борборуСимпозиумдун негизги милдети – Борбор Азия жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн, практиктердин, мамлекеттик ишмерлердин башын бириктирүү жана эл аралык кызматташтыкты жандантуу. Ал эми негизги максаты – илимдеги идеялар менен бөлүшүү, тажрыйба алмашуу, Жибек-Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн кызматташтыгынын келечеги, ошондой эле региондогу тобокелчиликтер менен ички маселелерди изилдөө болуп эсептелет. Симпозиумдун тематикасы өзүнө экологиялык маселелерди башкаруу, регионалдык туруктуу өнүгүү, жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, ишкерлик жана логистика, коомдук саламаттыкты сактоо, экосистеманы моделдештирүү, ГИС (Геомаалыматтык система) технологиясы (дистанциялык зонддоонун тиркемеси) деген сыяктуу дисциплиналарды камтыйт.

III Эл аралык симпозиумду Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Геология институту жана Суу маселелери институту, КЭР (Кытай Эл Республикасы) илимдер академиясы, Тажикстан илимдер академиясы, экосистеманы башкаруу боюнча (UNEP-IEMP) эл аралык өнөктөштүгү UNEP менен биргеликте Борбор Азиянын экологиясы жана айлана-чөйрөсүн коргоо илимий-изилдөө борбору (Бишкек), КЭР илимдер академиясынын Синьцзяндагы экология жана география институту, Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору, Алматыдагы жана Душанбедеги Борбор Азиянын экологиясы жана айланы-чөйрөсүн коргоо илимий-изилдөө борборлору  уюштурууда. УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик М.Джуматаев жана КЭР илимдер академиясынын Синьцзянь филиалынын вице-президенти, профессор Chen Xi иш-чарага төрагалык кылат.

Симпозиумдун өтүүчү жери – Боз-бешик айылы (Ысык-Көлдүн түштүк жээги).

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: