Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда буйрукка кол койду. Ага ылайык Мусаев Кайрат Абдрахманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-жылдын 14-июлундагы №432 токтому менен «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары системасын реформалоо боюнча иш чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун негизинде түзүлгөн. Буга чейин Кыргыз Респбликасынын Коргоо кеңешинин жыйынында республикада бирдиктүү соттук-эксперттик орган түзүү, Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтеринин эксперттик түзүмдүк бөлүмдөрүн бириктирүү чечими кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ