Menu

Азимбек Бекназаров, революционер: «Президенттикке аттангандардын жети атасы, энеси, кайын журту, тага журту боюнча айтсам, мага ошолор теригет го»

Бөлүшүү:

– Азике, «Ата Журт» партиясынын курултайында «Президенттикке эки талапкер тең таза кандуу кыргыздар. Кыргызстан кыргыздарга керек. Кыргызстан кыргыздардын мамлекети» деген сымал сөздөрдү айттыңыз. Бул айткан сөздөрүңүздү кээ бир бийликчил сайттар, анын ичинде саясый серепчи Марс Сариев «Азимбек Бекназаровдун сүйлөгөн сөзү улуттар аралык жаңжалды тутантуу боюнча кылмыш беренесине туура келет» деди. Бул боюнча эмне деп айта аласыз?

– Эми мен улуттар аралык касташууну чакырык кылыш үчүн кайсы бир улутка, кайсы бир улуттун өкүлүнө асылышым керек. Мен а жерде бир дагы улуттун атын атаган жокмун. Эгер мени ошондой «жаңжал кылып атат» десе, кыргыздар мага нааразы болуш керек эле. «Өзүңөрдүн үйүңөргө таза кандуу президент шайлай албайсыңар» деп. Эмне үчүн башка улуттун өкүлдөрү мага чычаламак эле? Билбейм, алар теригишпесе керек. Менин оюмча ошол президенттикке талапкерлердин айрымдары «жети атасы, энеси, кайын журту, тага журту» дегенге теригип атышса керек? Мен болгону келе турган президентибиз таза кандуу кыргыз болушу үчүн гана ой айткам. Ал сөзүмөн эмнеге кайтам?

– Азике, президенттикке талапкерлигиңизди койдуңуз. Эми акырына чейин барасызбы, же орто жолдон бирөөгө ооп кетесизби?

– Ортодон талапкерлигимди алып коюунун бир гана жолу бар, бир эле шартта. Ал баягы «Ак кемеде» биздин улутчул, мекенчил күчтөрдүн бирикмесин түзүп атканда айтпадым беле, «Улуттук Курултай институтун Башмыйзамга киргизүү жана кыргыз жаранынын паспортундагы улуттук графаны калыбына келтирүү» деген. Ошондо мен «эгер жакынкы мезгилде президент биздин ушу сунушубузду колдоп, эп көрүп, Улуттук Курултай институтун Башмыйзамдын күчүнө киргизип жана кыргыз жаранын паспортундагы улуту көрсөтүлгөн графаны албай, мурункудай калтыра турган болсо, анда мен президенттикке талапкерлигимди койбойм жана президент жакка оойм» дегеним элдин баарынын эсинде. Эгер Кудай жалгап, президент Атамбаев ушу эки маселени жакынкы убакта карап, оң жакка чечсе, анда айткан сөзүмө туруп, президенттикке талапкерлигимди алып салам. Эгер аны кылбаса, мен аягына чыгам, до конца кетем.

– Борбордук шайлоо комиссиясына коё турган миллион сомду кайдан табасыз?

– Азыр менин айланамда улутчул, мекенчил күчтөрдөн турган 96 коомдук бирикме турат. Булардын баары «кыргыздын таза мамлекетин курабыз» деген патриоттор. Чет мамлекеттен тышкары өлкө ичиндеги мени колдогондорду айтпай тек коёюн. Азыр банктан эсеп ачып койдум, бат эле толот, бу жагы нормально!

– А 30 миң шайлоочунун колу деген бар эмеспи…

– Ал деле «ураа, ураа!» деп чогулат. Булар жөнүндө эч бир башым оорубайт, кылым кыйшайбайт. Шайлоодо банкка түшкөн, чогулган акчалардан болушунча коротобуз.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: