Menu

Алмазбек Атамбаев: «Биз, алтай цивилизациясынын өкүлдөрү, евразиялык континентте тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого жаңы дем бере алабыз»

Бөлүшүү:

Алмазбек Атабаев, бүгүн, 20-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  өз демилгеси менен уюштурулган  “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна” катышып, сөз сүйлөдү. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы  кыргыздар үчүн ири эл аралык форум өткөрүү абдан чоң мааниге ээ, анткени Алтай – кыргыз элинин тарыхынын маанилүү, ажырагыс бөлүгү өткөн аймак экендигин белгиледи.

«Алтай», «Ала-Тоо», «Манас», «Эне-Сай» деген сөздөр ар бир кыргыз үчүн ыйык болуп саналат. Кыргыздар кылымдардан бери ушул күнгө чейин Эне-Сай менен түндүк-батыш Монголиядан тарта Теңир-Тоого чейинки, Фергана өрөөнү менен Памирде, Ала-Тоо менен Шинжаңда кеӊири мейкиндикти байырлап келатышат,- деп Президент, ыйык “Энесай”   деген  аталыштагы үйгө 12 өлкөдөн  келген  окумуштуу-антропологдор жана этнологдор, археологдор жана лингвисттер, фольклор изилдөөчүлөр жана коомчулуктун өкүлдөрү чогулуп олтургандыгын белгиледи.

Форумда  Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын башчысы Рустем Хамитов, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын депутаты Иван Белеков, Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын Төрагасы Александр Жирков  дагы куттуктоо сөз   менен  чыгып сүйлөштү.

Эл аралык форумдун ишине  100дөн  ашуун    чет элдик  жана кыргызстандык  алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр  катышууда.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу коноктор!

Урматтуу достор!

Баарыңыздарды Алтай тектүү элдердин тарыхына жана тагдырына арналган бүгүнкү Форумдун ачылышы менен куттуктайм! Ишибиз ийгиликтүү, жемиштүү болсун!

Форумга 12 мамлекеттин, 20га жакын элдердин өкүлдөрү катышып отурат. Урматтуу коноктор! Убакыт таап, бизге келип бергениңиздер үчүн чоң рахмат!

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Кыргыз жергесинде бул эл аралык форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иштер бир канча жылга созулду. Бүгүн ыйык «Энесай» аталыштагы үйгө 12 өлкөдөн антрополог жана этнолог, археолог жана лингвист окумуштуулар, фольклор изилдөөчүлөр жана коомчулук өкүлдөрү чогулганына кубанып турам.

Биз, кыргыздар үчүн эл аралык ири форумдун мааниси бийик, анткени Алтай – кыргыз элинин тарыхынын кыйла бөлүгүн камтыган аймак.

«Алтай», «Ала-Тоо», «Манас», «Эне-Сай» деген сөздөр ар бир кыргыз үчүн ыйык болуп саналат. Кыргыздар кылымдардан бери ушул күнгө чейин Эне-Сай менен түндүк-батыш Монголиядан тарта Теңир-Тоого чейинки, Фергана өрөөнү менен Памирде, Ала-Тоо менен Шинжаңда кеӊири мейкиндикти байырдап келатышат.

«Кыргыз» этноними бүгүнкү күнгө чейин бүткүл ушул аймакта гидронимдер менен топонимдер түрүндө сакталып келатат. Көптөгөн тектеш алтай элдеринде бул ат урук-урууларынын аталыштарында жолукса, кыргыз урууларынын аталыштарынан көптөгөн элдердин түп тегин тапса болот. Ушунун баары – биздин ата-бабалар өз айланасына ар башка уруулар менен элдерди бириктирүү менен түзгөн эң кубаттуу мамлекет – Улуу Кыргыз Каганатынын мезгили болгонун күбөлөйт.

Биздин элдердин ушундай маанилүү мезгилдеринин тарыхын изилдөө мамлекеттер аралык биргелешкен долбоорлордун ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш. Мындай темалар жана аз изилденген катмарлар биздин өлкөлөрдүн ар биринде бар.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Көп кылымдык эволюциянын жүрүшүндө алтай тилдүүлөр үй-бүлөсү ар башка тил бутактарына жана топторуна бөлүнүп келген. Кыргыздар  түрк бутагына таандык болгондуктан, учурдан пайдаланып, мен түрк тилдери жана, албетте, пантүркизм жөнүндө айта кетким келет. Болгондо да өлкө Президент катары да жана бул идея менен алектенген, Түркияны жана боордош түрк элин сүйгөн адам катары айткым келет.

Өзүңүздөр билесиздер, пантүркизм идеясы Орус империясында татар дворяндары Исмаил Гаспринский менен Юсуф Акчурин тарабынан жаралган. Адегенде бул идея Евразия идеалдарына – түрк жана славян элдеринин биримдигине багытталган. Исмаил Гаспринский мындай деп жазган:«… татарлардын мурасы болгон орус чектери алар конуш алган тарыхый табигый чектерине жетмейин бекем болушу мүмкүн эмес».

Бирок, тагдырдын тамашасын кара, бара-бара пантүркизм ачык антироссиялык мүнөзгө ээ болуп, Россия менен Түркия ортосундагы мамилелердин олку-солку болушу, улуу державалардын ар кандай геосаясый кызыкчылыктары мурдагы Орус империясынын түрк тилдүү элдерине, алардын тарыхы менен маданиятына, тилдери менен тагдырына терс таасирин тийгизген.

Мисалга мурдагы СССРдин түркий элдеринин алфавитинин татаал тагдырын алалы. Советтер Союзу менен Түркия ортосунда жакшы коңшулук мезгил 30-жылдары Түркстан элдери арабчадан латын арибине өтсө, дипломаттык мамилелер суугандан кийин чукулунан кириллицага бурулушкан. Натыйжада элдерибиз өзүнүн жазма адабияты менен тарыхынын кайталангыс кыртышынан айрылган, карапайым адамдар байыркы бабаларынын, ал тургай өз аталары менен чоң аталарынын араб жана латын арибинде жазгандарын окуу, түшүнүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.

Элдин эски алфавитинен ажыроосу өткөн мурасынан ажыроосуна барабар. Араб арибинен латынга, андан соӊ кириллицага өтүү Борбор Азиянын алтын доорунун мурасы – арабча жазган Ибн Синанын, Аль-Хорезмдин, Аль-Бирунинин, Жусуп Баласагындын, Аль-Фарабинин эмгектеринен, Бухаранын, Самаркандын, Баласагындын, Өзгөндүн, Фарабдын жана Тараздын улуу мурастарынан ажыроо дегендик эле. Советтер Союзунун түркий өлкөлөрүнө латындан кийин келген кириллица алфавити алардын ич ара гана эмес, бүтүндөй Евразияда бирдиктүү маданий нукта болушуна мүмкүндүк берген. Чыңгыз Айтматов, Мухтар Ауэзов сыяктуу биздин окумуштуулар менен жазуучулардын бүтүндөй мууну кириллицада чыгармалар жаратышкан, ал алфавит баарын канааттандырган.

СССР кулагандан кийин тарых кайра кайталанды, бул жолу тескери нукта. Көз карандысыз Азербайжан, Түркмөнстан латынга көчтү, Өзбекстан өтүп жатат, Казакстан жакында эле кириллицаны латын арибине ооштурууну чечти.

Алфавит алмашкан ар жолу жаңыча түшүндүрмө берилет. Адатта мындай жүйөө айтылат: бардык өнүккөн өлкөлөрдө латын ариби колдонулат, латынчага өткөндө өлкө экономикасы бат өнүгөт. Андай дейин десең, Жапониянын жана Кореянын өнүгүшүнө иероглифтер тоскоол болбойт беле? Же Кытайдын дүркүрөп өнүгүшүнө неге иероглиф кедергисин тийгизбейт? Ошол эле кезде Африканын бир катар мамлекеттери колдонгон латын ариби  аларды эмне үчүн кедейчиликтен чыгарбайт?

Латынга өтүү аркылуу бирдиктүү «орток тил» түзүү менен түркий элдерди бириктиребиз деген жүйөө да ынандырбайт. Мисалы, жүздөгөн кылымдардан бери келген түрк тили 19-кылымда эле Алтайдын түрк кагандарынын тилине анча окшошпой калган. Ооба, ал кездеги Осмон империясына ылайык «османлы» деп аталган.  Мустафа Кемал Ататүрктүн тил реформасын жүргүзүп, түрк тилдерин калыбына келтирүү аракетинен да майнап чыккан эмес – ошол мезгилде түрк тилинин 70%дан ашыгы араб жана перс сөздөрүнөн турган.

Эмнеге биз бирдиктүү тил түзөбүз деген ишке ашкыс кыялга батабыз да, Россия Федерациясында жашаган татарларды, башкырларды, алтайлыктарды, хакастарды, дагы көптөгөн боордошторубузду унутабыз? Алар мындан ары да кириллицаны пайдаланышат эмеспи. Дал ошолор менен биргеликте түпкү тилибизди кайра жаратып, бир элде сакталып, бир элде унутта калган байыркы сөздөрдү жандантуу менен тилдерибизди байыта алабыз. Түркия өз тил реформасын жүргүзгөн кезде биздин элдерден жаңы сөздөрдү алган. Ошол боордош элдер бүгүн биздин жардам менен колдоого өтө муктаж.

Бара-бара латын арибине өтүү биздин элдерди бириктирбестен, тетирисинче арасын алыстатат. Иш жүзүндө пантүркизм идеясынын таасири алдында кириллицадан баш тартуу – Орус империясында, андан кийин СССРде биздин элдерге каршы колдонулган “бөлүп жарып, өкүм жүргүз!” деген ыкманын уланышы.

Тилекке каршы, мындай ишке көп учурда окумуштуулар да тартылууда. Түрк элдерин топторго бөлүштүрүүнү мисалга алалы. Алтай, кыргыз, казак, каракалпак, татар жана башкыр тилдери кыпчак тобунда болсо, өзбек жана уйгур тилдери карлук тобунда. Эми көӊүл буруңуздар! – арасында кыргыз тобу да бар, анда хакастар менен шорлор жүрөт да, кыргыздардын өзү жок!

Бул элдер, албетте, бир топто болууга тийиш эле, анткени алар тилмечсиз эле өз ара эркин сүйлөшө алышат.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Энесай кыргыздарынын тукуму болгон алтай элдери тарыхтын оор сыноолоруна туш болгон. Кыргыз Каганаты кыйрап, мамлекеттүүлүк жок болгондон кийин Алтайда жана Энесайда калган кыргыздар көп кылым бою согуштарды, баскынчылардын эзүүсүн, кыргындарды жана ассимиляцияны башынан кечирген.

Алтай элдери мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге жана камкордукка муктаж. Алар өз тилин, тарыхын, ата-бабаларын билүүгө акылуу. Бул үчүн бардык шарт түзүлүшү керек. Бул Россиянын имиджи. Бирок үч жыл мурда Улуу Манаска жана Барсбек ханга эстелик тургузууга уруксат сурап кайрылганыбызда Алтай республикасынын жана  Хакасия республикасынын жетекчилери баш тартышты.

Эмне үчүн ушундай болду? Анткени энесай кыргыздары –  алтайлыктар менен хакастарды  Ала-Тоо кыргыздарына каршы койгон бөлүп-жарган замандын кесепети азыр да калыптыр. Бул үчүн айрым советтик окумуштуулар ар кандай жалган илимий теорияларды да ойлоп чыгышкан.

Ошентип, илгерки замандын эски калдыктары – ишенбөөчүлүк, шектенүүчүлүк дагы эле жергиликтүү бийликтердин кабинеттеринде өкүм сүрүүдө. Тарыхтан жана тарыхый эстеликтерден коркпош керек. Маңкурттук менен тарыхты бурмалоодон коркуш керек.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Алтай – адамзат цивилизациясынын очокторунун бири, фин-угор, түрк-монгол, маньчжур-тунгус, корей, жапон жана башка элдердин түпкү мекени.

Археологиялык казуулардын, этнографиялык экспедициялардын маалыматтары, фольклордук жана жазма булактарды изилдөө жыйынтыктары бул элдердин тамыры бир экенин тастыктайт. Коло доорунан  бери археологиялык эстеликтер алтай цивилизациясынын мураскерлери болгон элдердин чарбалык-маданий,  антропологиялык окшоштуктарын күбөлөп турат.

Алтай тилдүү тектеш элдер бүгүн түндүгүндө Якутиядан тартып түштүгүндө Түркия менен Иранга чейинки, батышында Венгрия менен Карелиядан тартып чыгышында Жапония менен Кореяга чейинки кеӊ мейкиндикти байырдашат. Албетте, Алтайдын өзүндө, Оролдо, Волга боюнда, Борбор Азияда, Монголияда жана Кытайдын көз жеткис аймактарында отурукташкан. Россиянын жана Кытайдын элдерин кошкондо бул аймактар эбегейсиз географиялык жана тарыхый-маданий регион, Евразиянын өзүнчө бир «континенти» болуп саналат.

Мен Россиянын жана Кытайдын элдерин жөн жеринен алтай тилдүү тектеш элдерге  «кошкон» жокмун. Биздин элдердин жалпы тарыхы, тыгыз маданий жана социалдык алака-катыштары бар. Андан да аларды кандаш тууганчылык да бириктирет. “Эгер орусту жакшылап териштирсең, татар болуп чыгат” деп Россияда жөн жерден айтылбаса керек.

Алтай тилдүү тектеш элдер арасынан шаманчылыктан тарта буддизмге, христианчылыкка жана исламга чейин диндерди кездештиребиз. Биерде европалыктар да, азиялыктар да бар. Эгер биз алтай тилдүү тектеш элдерди кызматташтыкка, маданий өз ара түшүнүүчүлүккө жана биримдикке жеткире алсак, келечекте дүйнөдөгү бардык элдердин тынчтыгына жана ынтымагына жол ачылмак.

Дүйнө элдерин кайрадан диний, расалык, этностук белгилери, өӊү-башы, ишенимдери боюнча кагыштыруу аракеттери күч алган азыркы коогалуу доордо дал алтай тилдүү тектеш элдер Жер шарындагы бардык адамдардын түпкү теги бир боордош экенин ачык далилдеген мисал болуп кала алат.

Алтаистика илим катары, ал эми саясатта болсо мен аны паналтаизм дейт элем, элдер ортосундагы тынчтыкка данакер боло алат. Пангерманизмден, панславизмден, панарабизмден жана пантүркизмден айырмаланып, алтаистиканы, паналтаизмди этностук артыкчылык идеологиясын пропагандалоо үчүн саясый курал катары колдонуу мүмкүн эмес.

Алтай тилдүү тектеш элдер миңдеген жылдар бою орустар жана кытайлыктар менен бир аймакта жашап келатышат. Баарыбыз бирге Евразия континентинин кең бөлүгүн ээлеп турабыз.

Ошондуктан элдерди өӊү-башы, диний ишеними же тили боюнча бөлгөн саясый идеялардын, панславизм жана пантүркизм идеяларынын ордуна тарыхтын өзү, Жер шарынын өзү бизди Евразиялык деген идеянын алдында биригүүгө түртүп жатат.

Бул кылымдык идеяга Казакстан президенти урматтуу Н.А. Назарбаев жаңы өмүр киргизди. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинь Пиндин «Бир шакек – бир жол» долбоору да ушул нукта. Бул идея канцлер А. Меркель менен президент В.В. Путиндин  Брюсселден Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык мейкиндик жөнүндөгү сөздөрүндө камтылган.

Биз, Алтай цивилизациясынын өкүлдөрү евразиялык континентте тынчтык менен ынтымакты бекемдөөгө кол кабыш кыла алабыз. Анткени биз бүгүн Азиянын да, Европанын да өкүлдөрүбүз. Бизде шаманизм да, буддизм да, христианчылык да, ислам да бар.

Демек, Евразия континентинин тынч келечеги үчүн, бүт планетанын тынч келечеги үчүн биз алтаистиканы колдоп, ага жаңы өмүр берүүгө тийишпиз. Бул евразиялык интеграцияны чыңдоого,  Евразия элдеринин достугу менен кызматташтыгына кошкон салымыбыз болмокчу.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Байыркы Алтайдын тарыхына, анын шаарларына жана археологиялык табылгаларына адамзат цивилизациясынын башаттарынын издери катары тийиштүү көӊүл бурулбай жатат.

Ошондуктан мен, биринчиден, «Алтай цивилизациясы» тарыхый-маданий борборун Алтайда куруу идеясы менен биздин Форум Россия Федерациясынын жана алтай тилдүү тектеш өлкөлөрдүн жетекчилигине кайрылууну сунуштайм. Бул борбор келечекте биздин элдердин  ыйык руханий ордосу, Мекеси жана Иерусалими болуп кала алат.

Биз, кыргыздар кыска мөөнөттө борбордун долбоорун иштеп чыгып, анын павильондорунун бирин – Энесай жана Кыргыз Каганатынын кыргыздарынын тарых музейин курууга даярбыз.

РФ жетекчилиги, РФ президенти бизди колдойт деп ишенем. Анткени Россия элдерине, анын ичинде түрк тилдүү татарларга, башкырларга, якуттарга, чуваштарга, алтайлыктарга, хакастарга, шорлорго жана башкаларга камкордук, алардын тили менен маданиятына, тарыхы менен салттарына камкордук кандай гана болбосун радикалдык идеяларга альтернатива боло алат.

Экинчиден, «Мурас» фондунун окумуштуулары жана эксперттери менен биргеликте биз Бишкекте «Алтай цивилизациясын изилдөө институтун» түзүүнү сунуштайбыз. Ал биздин өлкөлөр жана элдер арасында ар тараптуу биргелешкен илимий изилдөөлөр программасын  ишке ашырууну координациялап, илим, билим берүү, маданий кызматташтыкты кеӊейтүүгө көмөкчү болмок.

Үчүнчүдөн, биздин Форум Эл аралык Алтаистика Конференциясынын (PIAC) жетекчилигине PIACтын кезектеги конференциясын кийинки жылы Кыргызстанда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалында бирге өткөрүү жөнүндө кайрылалы деп сунуштайм.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Сөзүмдүн соӊунда мен дагы бир жолу: элдерди тили, өӊү-башы жана диний ишенимдери боюнча бөлүү идеяларынын ордуна тынчтык менен жакшылык идеясына, ар башка элдерди бириктирүү идеясына, паналтаизм жана евразиялык идеясына таянуу керек деген сөздөрдү кайталагым келет. Мында алтаист  окумуштуулар жана алтай тилдүү тектеш элдердин лидерлери өз салмактуу сөздөрүн айтууга тийиш.

Форумубуздун ишине ийгилик каалайм!

Көңүл бурганыӊыздарга ракмат!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: