Menu

Ысык-Көлдө иш кычап атса, Балыкчынын мэри эс алууга кетти

Бөлүшүү:

Негизи мамлекеттик кызматтагы жаш кадрларды ар убак колдоп, кезеги келгенде ишине стимул катары жакшы маанайдагы материалдарды жарыялап турмайыбыз бар. Бирок, мындай сыйга эреркеп, бат эле «булуттуу көктүн үстү менен жүрүп калган» «чыйпыттар» да бар экен. Эзели тынчыбаган Балыкчы шаарынын мэрлигине бир жыл мурун көчүк баскан мэр Алмаз Мамбетовдун ишин ар тараптан колдоого алып, айрым жаңылыштыктарына «оңолуп кетээр» таризинде «көз жумуп» келсек, кайран балакайдын бат эле сиркеси суу көтөрбөй, өзүн мамлекеттин эң жогорку постундагы жетекчи сымал сезип алганы эмнеси? «Улук болсоң кичик бол» дейт кыргызда. Эмесе, Ысык-Көлдөгү «сезон» кычап турганда, эмгек өргүүгө чыгып кеткен бу жигиттин ишине мындан ары үстүртөн эмес, журналисттик иш менен тыкыр көзөмөл кылбасак болбой калды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: