Menu

Өзбекстан ЖОЖдору хиджаб жана кыска юбкачан абитуриенттердин документтерин кабыл алышкан жок

Бөлүшүү:

Би-Би-Синин өзбек редакциясы быйыл Анжияндын мамлекеттик университети хиджабчан абитуриенттердин документтерин кабыл албаганын билдирди. Жогорку окуу жайдын өкүлдөрү бул маалыматты тастыкташып, Ташкенттен келген талапты аткарганын айтышты.

Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлигинин кызматкери быйыл коомдук жайларда диний кийимдерди кийүүгө тыюу салынганын билдирди.

Өзбекстанда административдик жоопкерчилик боюнча кодекске ылайык, диний уюмдардын кызматкерлеринен башка жарандар коомдук жайларда табынуучулук кийимдер менен жүрүшсө айып пул төлөп же он беш суткага чейин камакка алынат.

Өзбекстанда жогорку окуу жайларга документтерди кабыл алуу жыл сайын 15-июндан 15-июлга чейин созулат. Өз булактар маалымдагандай, быйыл чолок шым, кыска юбка кийген абитуриенттер дагы көйгөйлөргө кабылышты. “Менин жээним Жизак политехникалык институтуна документ тапшыруу үчүн чолок шым кийип барган. Анын документин кабыл алышкан эмес”,-деди жизактык маектештердин бири.

Навоидеги Мамлекеттик педагогикалык институттун кызматкерлери дагы ачык кийимчен келгендердин документтери кабыл алынбаганы тууралуу маалыматты бышыкташты.

«Кийим кийүү этикасын абитуриент кезде эле сакташ керек. Алар жаш муунду окута турган келечектеги мугалимдер», – деп эсептейт педагогикалык институттун кызматкери.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: