Menu

Тажикстанда акыркы эки жылда 8 миң киши ишсиз калды

Бөлүшүү:

Экономикалык каатчылыкка байланыштуу Тажикстанда жумуш орундары кыскарып, акыркы эки жылда 8 миң адам ишсиз калды. Бул тууралуу эмгек, миграция жана калкты социалдык камсыздандыруу министри Сумангул Тагойзода билдирди.

Жумушсуз деген расмий макам алгандарга үч ай жөлөк пул төлөнөт. Биринчи айда айлык өлчөмүнүн 50%, экинчи айда 40%, үчүнчү айда 30% берилет. Бул убакыт ичинде ишсиз жаранга эки вакансия сунушталат, эгер ал баш тартса, министрлик жаранды жумушсуздардын тизмесинен алып таштайт.

Министр акыркы убакта жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууну каалагандар кескин өскөнүн баса белгиледи. Алардын арасында мурда көп айлык алып жүргөн банк жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери бар. Бирок аткаминер баарын жөлөк пул менен камсыздоо үчүн бюджетте каражат жок экенин айтты.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө жумушсуздардын жалпы саны 28 миң 681 кишини түзөт жана 5 миңдейине гана жөлөк пул төлөнөт. Аскерден келгендер менен соттолуп чыккандарга артыкчылык берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: