Сауд Арабия бийлиги кыска юбка кийип көчөдө баскан кызды камакка алды. Интернетте жарыяланган видеодо Хулуд аттуу жаш кыздын Ушайкир байыркы кыштагынын көчөлөрүндө кыска кийим кийип, басып жүргөнү чагылдырылган.
Модель роликти интернетке анын уруксатысыз жарыялашканын белгилөөдө. Полиция аны “ылайыксыз кийими” үчүн камаган. Эгер Хулуд күнөөлүү деп табылса, ал түрмөгө кесилип, айыппул төлөшү мүмкүн.
Полицияга Сауд Арабиядагы шарият мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөгөн уюм кайрылган. Тасмага бийликтин көңүлүн Twitter колдонуучулары бурду. Алар “модель Хулуд сотолсун” деген хештек менен роликти жарыялашып, аялдын жылаңач буттарын жаап коюшкан.
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму моделди куугунтуктоону дискриминация катары баалады. Сауд Арабияда аялдар башынан бутуна чейин жабык кийим кийүүгө милдеттүү жана унаа айдай алышпайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ