Menu

“Бульдезор” бүлүндүргүч дегендердин өздөрү бузукулар

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоого расмий старт берилбей жатып  талапкер болуп чыга турган оппозициялык саясатчыларды бийликчил жазмакерлер эмитен эле эби келсе да, келбесе да каралаганды баштап алды. Алар мындай материалдарды өз каалоолору менен жазып жатат дегенден бир топ эле алыс болгон дурус. Жогор жактан жилик ыргаткан кожоюндарынын көрсөтмө бүйругу, акыл-кеңеши менен жасап жатканы жалпыга белгилүү. Бирөөнүн буйругун “эң жакшы” деген баага аткаргандардын башка аргасы да жок.

Эми кептин ток этерине келейин. Азыркы ажо Алмашбек Атамбаевдин “досу”, бир кездеги санаалашы, Жалал-Абадда унитаздын үстүндө уктап калган күндөрүндө жанында жүрүп, кыйынчылыкты бирге башынан өткөзүп президенттик тактыга алып келген адам Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого талапкер болуп өзүн-өзү көрсөткөн күндөн баштап ага бийликчил “арзыматтар” болгон дараметин көрсөтүп, илгери-илгери деп башталчу жомоктордо айтылчу сөздөрдү жармаштыра баштады. “Ата Журт” партиясы  съезд өткөрүп, кыргыздын камчыга сап болчу эки азаматы Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевди так талашка талапкер кылып алып чыккан жыйында Бекназаровдун патриоттук, мекенчил дем менен сүйлөгөн сөздөрүн орус тилдүүлөр туура эмес түшүнүшүп “улуттар аралык араздашууга алып келе турган чагымчыл сөздөрдү сүйлөдү” деп ызы-чуу түшүп эле жатып калышты. “Чагымчыл” деп чуу түшүп жаткандарга токтолордон мурун Азикенин ошол айткан сөздөрүн дагы бир жолу көпчүлүккө сунуш кылайын:

“Бири менин жакын иним болсо, экинчиси менин күйөө балам (Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков тууралуу айтып жатат). Экөөнүн тең тага журту, ата журту, кайын журту таза кыргыздар. Кыргызстан кыргыздар үчүн керек. Ал кыргыздардын мамлекети. Биздин саясат, биздин президенттер кыргыз үчүн иштеш керек.  Кыргызстан мамлекетин, кыргыздардын үйүн куруш керек. Акаев куруп кеткен “общий домду” биз бузушубуз керек. Жалпы үйдө өсүп, жалпы үйдө тарбияланып саясатка аттанган саясатчылар ким экенин, ал эми Мекен үчүн, эл үчүн кызмат кылгандарды айрып тааный турган мезгил келип жетти…”

Камчыбек Ташиевдин, Ахматбек Келдибековдун ата журту да, тага журту таза кыргыз экенин ким жокко чыгара алат?! Бекназаровдун бул сөзү кайсыл улутту кемсинтип же болбосо кайсыл улутту кордогон болуп саналат?! Же кимдир бирөөнүн улутуна асылып, анын кадыр-баркын тепселеп, сен башка улуттансың, мен кыргызмын деп араздашууга чакырган “чагымчыл” сөзбү? Бийликке башы жерге тийгенче жүгүнгөндөр Келдибековдун ата тегине шек келтирип, түбү уйгур экен деп элдин оозун ачырып, айткан апыртмаларына  апенди сыяктуу  кайра өздөрү ишенип алгандарга так жооп берген жообу болбодубу! Ата тегин биле жүрүү кыргыздын канында бар. Атамбаев президент болгондон кийин тарыхчылар анын ата-теги ким болгонун Казакстандын архивине чейин барып иликтеп чыгып жатпайбы. Ташиев, Келдибеков таза кыргыз деп айткандын эмнеси күнөө?

“Кыргызстан кыргыздар үчүн керек. Ал кыргыздардын мамлекети.” Азимбек Бекназаровдун бул айткандарын кайсыл өңүттөн улуттар аралык арыздашууга алып келчү сөз, элди улутуна карап бөлдү деп айтабыз? Кыргызстан кыргыздар үчүн керек болбогондо башка чет өлкөлүктөргө керекпи? Кыргыз мамлекети үчүн кыргыз эли күйбөгөндө өздөрүнүн мамлекети бар кытай, индус, түрк, араб элдери күймөк беле! Же кара курсактын айынан Россияда мигрант болуп жүргөн мекендештерибизди экинчи сорттогу адам катары санаган орус эли күйөбү?! Кыргызстан деген мамлекет бизге, кыргыз эли үчүн гана керек. Бул сөз чыныгы мекенчил, өз өлкөсүнүн патриоту болгон, өлкөсүнүн, элинин келечегине кайдыгер карабаган адамдан гана чыгат.  Кыргызстандын бүтүндүгү, келечеги кыргыз деп жүрөгү соккон адамдарга гана керек экенин 25 жылдын ичинде көрбөдүкпү. Эки революцияны кимдер жасады? Кыргыз эли жасады. Революциянын ээси саясатчыларбы же элби? Кыргыз эли. Кыргызстан биринчи кезекте элге керек. 2010-жылы жаркын келечек үчүн деп борбордук аянтта ким окко төшүн тосуп каза болду эле? Карапайым кыргыздын кырчын жигиттеринин өмүрү кыйылганын ким жалган деп айта алат? Өзбек сепаратистери Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирип, кыргыз-өзбек кандуу тополоңун чыгарганда, кан кечип, мамлекеттин бүтүндүгү деп кыргыздар жүрбөдү беле. Бул элди улутуна карап бөлүү эмес, ачуу чындык. Же Максим Бакиевдин айланасына жалаң жөөттөр чогулуп, Кыргызстанды жок кылып бүтмөй болду деп азыр бийликте жүргөндөр чырылдап жүргөнү жалганбы? Башка өлкөнүн жарандары Кыргызстан үчүн күйбөйт деп бийликти алмаштырбады беле. Мунун баары жалганбы?

Кыргызстанды башка өлкөнүн жарандары кайсыл улуттун мамлекети деп эсептешет? Албетте, кыргыздардын мамлекети Кыргызстан деп айтышат. Кыргызстан кыргыз элинин мамлекети эмес, биздин мамлекетибиз жок деп айтышыбыз керекпи. Бекназаровдун “Кыргызстан кыргыздар үчүн керек. Ал кыргыздардын мамлекети. Биздин саясат, биздин президенттер кыргыз үчүн иштеш керек.  Кыргызстан мамлекетин, кыргыздардын үйүн куруш керек” деген сөзүндө элди улутуна, этносуна карап бөлүп-жаруу эмес, ачуу чындыктын үнү гана жаңырды. Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрү да ушул мамлекеттин жарандары. Кыргызстан кыргыз элине кандай керек болсо алар да өлкө үчүн кыргыздардай күйүүгө милдеттүү. “Биздин саясат, биздин президенттер кыргыз үчүн иштеши керек” деген сөздүн түпкүрүндө өлкө башчылары бир үй-бүлөгө же бир партияга, бир топко иштебей, бүтүндөй элге кызмат кылышы керек деген маани жатпайбы.

“Акаев куруп кеткен “общий домду” бузушубуз керек” деген сөзүнө неге мынча чычаладыңар? Мамлекет деген эч качан “общий дом” болбошу керек. Өзүнүн аянты, калкы, гимни, туусу, бийлиги бар кайсыл өлкө өзүн “общий дом” деп жарыялаганын уктуңар? “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз” деп баарын чакыра берип, азыр өлкөбүздө абал кандай? Экстремизм-терроризмге азгырган динди жамынган агымдарга, чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдарды иретке келтире албай айлабыз куруп жатканы турмуш чындыгы эмеспи. “Общий дом” дей берип чек арабыздагы абал кандай? “Бекназаров “Общий домду” бузуш керек деп айтты” дегендер бул маселелерди неге токтолбойсуңар? Булар Кыргызстанда тынч жашап жаткан элдерге коркунуч жаратарын бийликке неге эскертпейсиңер? Жообу бирөө гана. Бийликке олтургандардын ыргыткан шыбагасына ыраазы болуп, берген тапшырмасын аткарганыңарга манчыркап олтурасыңар. Кыргызстан “общий дом” болбосо да анда күн кечирип жаткан сексенден ашык улуттун өкүлдөрү ырылдашпай, араздашпай эле күн кечире берет.  Аларга силердин саясатыңардын кереги да жок.

Бекназаровдун сөздөрүн ар жеринен кескилеп, чуу салгандын да чеги болушу керек го дейм. Азикенин “общий домду” бузуш керек деген сөзүн жулуп албай, сөздүн маанисин өзгөртпөй толук окуп, түшүнүп алып бирдеме десеңер болбойбу, кургурлар. Ал “Акаев куруп кеткен “общий домду” биз бузушубуз керек. Жалпы үйдө өсүп, жалпы үйдө тарбияланып саясатка аттанган саясатчылар ким экенин, ал эми Мекен үчүн, эл үчүн кызмат кылгандарды айрып тааный турган мезгил келип жетти…” деп сүйлөдү. Элдин ынтымагына доо кетирген сөздү сүйлөдүбү де ошол съездге катышкан бийликке жакын адамдардан бир ооз сурап алсаңар, алардан “келжиребегилечи” деген сөздү укмаксыңар. Бир үй-бүлө үчүн кызмат кылып, ошол кызматына жараша бийлик алып, бийликтин эрке талтаңы болуп көнүп калган, арам жал менен арам дүнүйө чогултуп, ошонусу менен саясатка аралашкан системди бузууга мезгил жетти, эл үчүн, Мекен үчүн кызмат кыла тургандарды тандай турган кез келди деп чыркырап жатат. Мунун эмнеси жаман? Ушул сөз элди улутка, этноско бөлүп-жарууга киреби? Байболгурлар, сөздүн маанисине карап чырылдасаңар болбойбу?

Бекназаров юрист, мыйзамдын аткарылышын көмөмөлгө алган жогорку орган Башкы прокуратураны жетектеген адам, эки революциянын “бульдезору”, түштүктөгү кандуу тополоңдо эки элди ынтымакка чакырып жүргөн ошол кездеги бийликтеги жалгыз жетекчи. Ушул адам улуттарды араздаштырчу “чагымчыл” сөздү айтты десеңер элге башка жагы менен күлүп жатпайбы. Ирина Карамушкина деген КСДПнын депутаты бар, ал депутат айым элдин ынтымагы үчүн күйгөн адам болуп,  “Вести” деген интернет сайтка “Атайын кызмат Бекназаровдун айткандарына “реакция” кылышы керек” деп, керек болсо аны жоопкерчиликке тартуу керек дептир. “Вести” деген сайт Ирина айымдан пикир алып жатып, калыстык үчүн “Сиз кыргыз элинин улуттук баш кийими, көөнөрбөс мурасы болгон калпакты “Мончого деле кийип жүрбөйбү” деп кемсинткениңиз, Россияга барып алып “Кыргыз парламентинде мени бир дагы депутат колдобойт” деп ыйлаганыңыз, өз уулунун ак жеринен камалып жатканына нааразы болгон кыргыздын Баатыр энелерин “Алар ОБОНчулар” деп атаганыңыз улут аралык мамилеге доо кетирбейби?” деген суроону берип койсо сонун болмок. Карамушкинанын айткан сөздөрүнүн алдында Бекназаровдуку мекенчил, патриоттук сезим менен мамлекеттин бүтүндүгүн, андагы жашап жаткан элдердин ынтымагын чыңдоого арналган сөз болуп жатпайбы.

Буйрук түшсө буту күйгөн же болбосо бок тытып жөжөлөрүн чакырган күрп тооктой күйпөлөңдөгөндөр бүгүнкү бийдин да заманы бүткөнү турат. Ыргытылган сөөккө ыраазы боло бербестен, эртеңки күндү да ойлосоңор.

Наралы Асанбаев, “Жаңы ордо” гезитинин башкы редактору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: