Биринчи май райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жатып автокырсыкка кабылып, анын кесепетинен жаш келин ажал тапты. Прокурордун жардамчысы мас абалында болгон жана жанынан кылмыш иштери кыскартылган 25 иш кагаздары табылган. Архивде гана сактала турчу же болбосо секретариатта сакталчу иштер эмне себептен жардамчынын машинесинде болгон? Мындай шалаакылыкка ким жол берген. Биринчи май райондук прокурору бул иште түздөн-түз жоопкерчиликке тартылыш керек. Муну деген шалаакылык деп коёт. Башкы прокурор Индира Жолдубаева эмнени карап жатат? Тартипти күчтөндүрүү керек. Прокуратурада мына ушундай башаламандыктар болбош керек. Прокурор менен жардамчысына башкаларга сабак болчудай чаралар көрүлүшү керек.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ