Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында жылыштар болгон жок. Тараптар Брекзиттен кийинки ЕБ жарандарынын укуктары тууралуу маселелерде тил табыша алышпады. Лондон бирдиктүү Европадан бөлүнгөнү үчүн компенсация төлөйбү деген суроо дагы чечилген жок. Мындай билдирүүнү ЕБ делегация башчысы Мишель Барнье сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасынын кортундусу менен өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Кийинки сүйлөшүүлөр августтун аягына белгиленди. Анда Британия жарандарынын укуктары, Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасынын чек ара маселелери жана Брюсселдин Лондонго болгон каржы талабы каралат.
Британия ЕБ менен эркин соода келишимин талкуулоону каалайт. Бирок Брюссель негизги үч талабы боюнча Лондондон ачык жооп алмайынча, бул маселени козгогусу келбейт.
Улуу Британиянын ЕБдан чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөр 19-июлда Брюсселде башталган. Ал 2018-жылдын аягына чейин уланат. Андан кийин алты ай ичинде улуттук парламенттер келишимди ратификациялоосу керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ