АКШнын Башкы прокурору Жефф Сешнс президент Дональд Трамптын сынына карбай, кызматтан кетпей турганын жарыялады. Бул тууралуу Associated Press билдирди. Күн мурун Трамп The New York Times гезитине берген маегинде Сешнди АКШнын юстиция министри кылып дайындаганына өкүнгөнүн ишара кылган.
Президенттин айтымында, эгер Сешндин Орусиянын АКШдагы шайлоолорго кийлигишүүсүн иликтөөдөн баш тартарын билсе, анын ордуна башканы дайындамак.
Мартта Жефф Сешнс Орусиянын президенттик шайлоодогу таасирин иликтөө иштерине катышпай турганын билдирген. Башкы прокурор мындай чечимин медиа тарабынан көрсөтүлгөн кысым менен түшүндүргөн. Америкалык ММКлар аны шайлоо кампаниясы учурунда Орусия элчиси менен жолукканы тууралуу маалыматты жашырганы үчүн айыпташкан.
Сешнс Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляков менен жолукканы ачыкка чыккандан кийин жаңжал чордонунда калган. Бирок башкы прокурор сенат комитетинде Кремлдин өкүлдөрү менен кездешпегенин айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ