Menu

КР Финансы министрлигинде Мамлекеттик тил маселеси каралат

Бөлүшүү:

Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия маалымдады. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 2017-жылдын 28-февралындагы №39 буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүдөгү мамлекеттик тилдин абалы менен таанышып чыгуу жана жардам көрсөтүү максатында мониторинг иштери жүргүзүлгөн. Иш кагаздары менен таанышуунун жыйынтыгында маалым кат даярдалып, министр А.Касымалиев жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеевдин катышуусунда 21-июлда саат 14:00дө жолугушуу өтөт.

Жумушчу топтун берген маалыматына караганда министрликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана министрлик-ведомстволор менен кат алышуусунун басымдуу бөлүгү расмий тилде жүргүзүлөт. Тактап айтканда, 2016-жылы КР Президентинин Аппаратынан 559 кат келсе, анын 7си же 1%ы, КР Өкмөтүнөн 1548 кат келсе, анын 346сы же 22%ы, КР Жогорку Кеңешинен 78 тапшырма келсе, анын 2өө же 2%ы, министрликтер менен мекемелерден 17514 кат түшсө, анын 128и же 2%ы гана мамлекеттик тилде болгон. Ал эми кеткен каттардын жалпы саны 14346 болсо, анын 15%ы же 2152си мамлекеттик тилде, калган 85%ы расмий тилде жөнөтүлгөн.

2017-жылдын 4 айындагы көрсөткүчтөр деле мына ушундай акыбалда. Мамлекеттик тилде жазылган иш кагаздарынын жалпы саны 15%ды гана түзөт. КР Президентинин Аппаратынан 197 кат келсе, анын 3өө же 1%ы, КР Өкмөтүнөн 1548 кат келсе, анын 346сы же 22%ы, КР Жогорку Кеңешинен 78 тапшырма келсе, анын 2өө же 2%ы, министрликтер менен мекемелерден 17514 кат түшсө, анын 128и же 2%ы гана мамлекеттик тилде болгон.

2016-2017-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесинин иш планы бекитилген эмес жана коллегиянын кароосуна киргизилип каралган эмес.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: