Кумдуу бороонду элестеткен учуп бараткан саранчалардын тобу.
Автоунаанын видеорегистраторунун камерасына Дагестандын Тарумов районуна азия саранчаларынын каптап жаткан видеосу түшүп калган. Видеонун кадрларында көрүнүп тургандай, саранчалар асманды каптап калгандыктан унаа кумдуу бороонго кабылгандай сезим жаратат. Бул окуя 19-июль күнү болгон.
https://youtu.be/W0T8wCRcU8o
Дагестандын Айыл-чарба министрлигинин айтымында, саранчалар менен 112 миң гектар жер жабыркаган. Учурда алар менен күрөшүү үчүн 3 самолет жана 11 техника бөлүнүп алардын жардамы менен 89 миң гектар жер дарыланган.
https://youtu.be/ivjwLprv9gM
Белгилей кетсек, саранчалардын бир эле тобу 100 миллиондогон чегирткелерден турат. Алар бир жерден экинчи жерге көчүп эле, жалбырак, чөп аттуунун баарын ылгабай жейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ