Menu

Ош шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ош ШИИББдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Сирия-ирактык аймакта согуштук чыр-чатакка катышып келген жарандын өздүгүн такташты.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча 1995-жылы туулган Ош шаарынын М.А. аттуу тургуну Сирия аймагында Ислам мамлекети аталышындагы легеринде согуштук ыкмаларга үйрөнүп, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүнө ыктыярдуу түрдө кирген. Бул туурасында ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирет.

Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү маалында көп сандаган мыйзамсыз сакталган экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылды. Экстремисттик топтор менен байланышы бардыгына жана террористтик ишмердүүлүк менен алектенгени боюнча террористтердин шектүү менен сүйлөшүү учурундагы аудиокөчүрмөлөр жана бир канча документтер менен кошо далил катарында сүрөттөр, аудиокөчүрмөлөр, видеокөчүрмөлөр, дикстер, китептер, өзбек, араб тилдериндеги баракчалар табылды. Андан сырткары, кармалган адамдын үйүнөн мыйзамсыз сакталган РГД-5 үлгүсүндөгү жарылуучу заттан 2 бирдик табылып алынды.

Ош ШИИББдин маалыматында, кармалган жаран Сирия-ирактын аймакта согуштук чыр-чатакка катышып, экстремисттик материалдарды таратып, террористтик мүнөздөгү идеялогияны жайылтуу менен алектенген. Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында жардырууну пландап жүргөн.

Жогорудагы кылмыш ишине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-берененин 2-бөлүмүнө (Сатып алуу, сактоо, таркатуу же болбосо аларды даярдоо жана жайылтуу максатында экстремисттик материалдарды ошондой эле белгилерин жана экстремисттик уюмдардын атрибуттарын атайын колдонуу) ылайык милици кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлдү.

Кармалган адам Ош шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-башкы башкармалыгы экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү ишмердүүлүгүн ачыктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чарасын улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: