Президенттикке ат салышмакчы болуп жаткан Азимбек Бекназаровдун “Ата-Журт” партиясынын съездинде сүйлөгөн сөзү коомчулукта кызуу талкууланууда. Ал “Келдибеков таза кыргыз, мамлекетти таза кыргыз башкарыш керек” – дегендей пикири ар түркүн өңүттө талкууга алынып, кескин сындар айтылды. Айрымдар Бекназаровдун сөзү этникалык жикке бөлөт, тиешелүү укук коргоо органдары мыйзам алкагында укуктук баа бериши зарыл дегенге чейин барышты. Албетте, таза кыргыз өлкөнү башкарыш керек дегендин эч бир жаман жагы жок. Бирок бул сөздү Келдибековго байлап жатканы кызык. Демек башка кандидаттар таза кыргыз эмес болуп жатабы деген суроо жаралат…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ