Menu

Президенттикке талапкерлердин кимиси сот реформасын өткөрүүнү убада кылууда?

Бөлүшүү:

Учурда “сот жана милиция реформасы өтөбү, бул боюнча президенттикке талапкерлер кандай убадаларды берип жатат?” деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган чак. Бул суроого жооп алуу үчүн биздин редакция эксперт Нурлан Садыковго кайрылды.

-Саламатсызбы Нурлан Берикович, Сиз “конституциялык саясат Институтунун” жетекчиси, адвокат катары саясат жана укук чөйрөсүндө кандай суроолор талкууланып жатканы тууралуу саресеп салып жатсаңыз керек. Учурда талкуу жараткан суроо кайсы?

-Учурда президенттикке талапкерлердин программаларына көбүрөөк көңүл бурулуп, талкуу жаратып жатканын айтсам Американы ачкандай болбосом керек. Жалпак тил менен айтканда программалардын көпчүлүгү мени кызыктырган жок. Менимче, талапкерлер өздөрү ишенбеген популисттик убадалардын агымы жүрүп жатат. Талапкерлердин көпчүлүгү коом алдында турган негизги көйгөйлөрдү көрбөй жатканы байкалууда.

-Сиздин оюңузча негизги маселелер кайсылар?

-Бүгүнкү күндөгү негизги маселе бул-сот жана укук коргоо органдарынын реформалары. Ооба, көптөгөн талапкерлердин шайлоо алдындагы риторикасында сотторду реформалоо керектиги тууралуу эскертмелер бар. Бул учурда эч ким себептерге анализ кылбайт, дээрлиги мындай реформаларды көрсөтүшпөйт. Же эч кандай жыйынтык бербеген кандайдыр бир фрагменттүү системасыз чараларды сунуш кылышат. Мисалы, сот өзүнүн жана жакындарынын телефонун тыңшоого жазуу түрүндө макулдугун бергени депутат Ө.Бабановдун “тыңшоо” зарылчылыгы тууралуу белгилүү демилгеси. Мен муну түз эле иштеп кете албайт деп айта алам.
Эмнеге? Биринчиден, сотторду тыңшоо жазуу түрүндө макулдашып эмес, автоматтык түрдө ишке ашырылышы зарыл. Бул бүтүндөй коррупцияга каршы” чаранын бир бөлүгү. Экинчиден, тыңшоону соттун токтому менен ишке ашырууга болот. Үчүнчүдөн, эмне үчүн соттордун ишинен улам алардын балким ишкердик менен алектенген жакындарынын укуктарын төмөндөтүү керек? Бул кара ниет атаандаштыкты жаратат. Төртүнчүдөн, соттор коррупциялык иштерин телефон аркылуу талкуулашат. Мындай шектүү иштер эч качан телефон аркылуу талкууланган эмес, талкууланбайт дагы.

-Демек, талапкерлердин бири да эмне кыларын билбей калат экен да?

-Бүгүнкү күнгө чейин бир гана талапкер кыска жана нуска сот жана укук коргоо органдары үчүн иш алып барарын айтты. Бул Темир Сариев. Мага анын кыска сүйлөгөнү, айкындыгы таасир берди. Өзүнүн программасында сот жана укук коргоо тармагындагы төрт багытты белгилеген: 1) кадрларды окутуу, тандоо системасын жакшыртуу, 2) эмгек акыларын жогорулатуу, 3) Анти-коррупциялык системасын бир гана укук коргоо методунда эмес, кээде натыйжалуу болгон административдик методун ишке киргизүү, 4) кирешелер тууралуу Декларацияны текшерүү системасын жумушка киргизүү. Ушундай комплекстүү мамиле жакшы натыйжа берет деп ишенебиз.

-Жакшы, бирок убадалар кагаз бетинде калбасына кепилдик барбы?

-Бул негизги маселе. Кандай реформа болбосун биринчи кезекте саясий эрк керек. Эгер мындай эрк болбосо мыкты демилгелер ишке ашпай кала берет. Бирок, дагы бир жолу саясий эрк жана өз жүрүм-туруму үчүн эмне кылышы керек экенин жакшы түшүнүү абзел деп баса белгилегим келет. Муну чыныгы талапкерлер түшүнөт деп ишенем. Бүгүнкү күндө бир гана Темир Сариевдин милиция, прокуратура жана сот реформаларын түшүнүп жатканын көрүп турам. Анын саясий эрки дымактуу пландарды ишке ашырууга жетет деп үмүттөнө туралы.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: