Menu

Бала төрөп анын жытын жыттай албай калган эне…

Бөлүшүү:

Жашоо бир калыпта агып бараткан дарыядай, кээде толкуп ташкан деңиздей болгону менен анын ичинде түрдүү тагдырларды камтыган окуялардын баары ачыкка чыга бербейт. Адамдар акыркы убакта “Жашоо татаал, түгөнбөгөн түйшүктөр менин гана башыма үйүлүп алган” деген ойго барып жатышат. Өмүрдө канча кан тамыр согуп жаткан болсо, ошончо өзүнчө түйшүк бар экенин сезүү өзүңдөн алда канча кыйыныраак турмушту башынан кечирип жаткан замандаштарыңды көргөндө тообо кылып, аларга кол сунуу адамгерчиликтин парзы болгондугун унутпасак экен. Аты-жөнүн толук айтуудан тартынып, “Аргам калбай калды, жашоодо маңыздуу нерседен кол жуусаң, андан ары жашоону улантуу кыйын болуп калат экен” деген Бегимай аттуу каарманыбыздын тагдырына кеңеш бериңиздер.

2014-жылы Кызыл-Кыялык Байыш деген жигитке турмушка чыккам. Ал экөбүз эки балалуу болгонбуз. Кызыл-Кыяда кайненем менен чогуу турдук. 2016-жылы экинчи кызымды төрөгөнүмдөн кийин, жолдошум кетип калды. Анын менден кеткени белгисиз болгондуктан, арада жашабай калдык. Мен да иштейм деп Бишкекке келгем. Аны таппай койдум. Учурда кайра кыздарымды жолдошум Бишкекке алып келген, “Алар Кызыл-Кыяда эмес” деп мага көрсөтпөй жатышат.

– Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? Аны менен мыйзамдуу никеңиз бар беле?

-Мен жолдошумдун экинчи аялы болуп турмушка чыккам. Ал менден мурун да үйлөнгөн экен. Азыр угуп жатам, үчүнчүсүн алды деп. Экөбүз жашап жатканда никеге турууга чыгынган эмес. Балдарым жаш, биринен кийин экинчисин төрөп калдым.

– Андан бери сотко кайрылдыңызбы?

– Ооба, Ленин райондук сотко кайрылгам. Бир катар жеке укук коргоо органдарына кайрылууга тааныштар жардам берди. Бирок балдарымды өзүмө ала албай жатам. Кыйналып төрөп, эне болуп чонойтуп койсоң сага көрсөтпөсө, алардын үнүн укпасаң, жыттабасаң кыйын экен.

Ал эми, үй-бүлөгө байланышкан мындай тагдырга ички иштер бөлүмү “Бегимай Орусияга иштегени кетип калган, кичинекей кызы ооруп жатса да келген эмес” деген мурунку жолдошунун билдирүүсүн жарыялады.

– Эненин шарты болсо баладан ажыратылганы туурабы?

– Бегимайдын коомдук жактоочусу “Элдик көзөмөл” коомунун координатору Роза Маманованын айтымында, Кызыл-Кыя соту мурунку жолдошун алимент төлөөгө милдеттендирген. Маманова атасы эки жана бир жаштагы кыздарды энесине көрсөтпөй жаткан себебин түшүндүрдү:
Эки айдын жүзү болуптур, кыздарын бир көрсөтпөй качып жүрөт. Материалдык жардам бербегендиктен айласыз алиментке сотко берди. Анын Кумтөрдө алган айлыгы 125 миң сом болгондуктан, сот 36 миң сом алимент ажыратты. Мурунку жолдошу алименттен баш тарт, болбосо, мен балдардан баш тартам деп жатат. Бегимай “Алименттен баш тартпайм, мыйзам боюнча төлөөгө милдеттүү” деди.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, соттун чечимине чейин баланы алууга эки жак тең укуктуу. Андыктан мыйзамда муну белгилеш керек дейт:

Биз мыйзамга толуктоо сунуштап жатабыз. Эгерде эненин мүмкүнчүлүгү болсо, соттун чечими чыкканга чейин бала энеде калсын деген эрежени киргизиш керек. Бул жерде таразага балдары менен акчаны коюп жатат, биз эмне болуп кеттик?”

Турмуш курардын астында ата-эне болууга моралдык жактан даяр эмес жаштардын көбү, ара жолдо балдарын тирүү жетим кылып, анын негизинде тарбиясын бузуп жатканы айтылууда. Айрыкча кыздар турмушка чыгаарда, мыйзамдуу никени талап кылып, укуктарын билип алуусу абдан керек экендигин укук коргоочулар эскертишет.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: