Time журналынын жаңы санынын башкы бети Орусия президентинин сүрөтү менен чыгат. Владимир Путиндин жүзү боз түстөгү коллаж менен жасалган.
Журналдын негизги макаласынын темасы –“Путиндин шайлоо боюнча кутумун үзгүлтүккө учуратуу боюнча жашыруун план” деп аталат. Материалда АКШнын экс-президенти Барак Обама америкалык шайлоо системасына кибер чабуул болушу мүмкүн экенин билгендиги айтылат. Журнал 31-июлда сатыкка чыгат.
Басылманын маалыматы боюнча АКШ бийлиги хакердик чабуулдарга алдын ала даярданган. Эгер олуттуу жагдай катталса, шайлоо тилкелерине федералдык агенттиктердин, Пентагон же президенттин суроосу менен аскерлер жөнөтүлмөк.
Орусия АКШда өткөн шайлоолорго кийлигишкен деп күнөөлөнүп келет. Кремль бул айыптоолорду четке кагууда.
Time журналынын башкы бетинде Владимир Путиндин сүрөтү сегиз жолу чыккан. 2007-жылы басылма орус лидерин “Жылдын адамы” деп тандаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ