Октябрь райондук администрациясында көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даӊкы» медалы менен сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Район башчысы Нурбек Курманбеков 10 энеге «Баатыр эне» орденин жана 7 энеге «Эне даӊкы» медалын тапшырып, мамлекеттик жогорку сыйлыктары менен куттуктады.
Ошондой эле аким энелердин келе жаткан муундарды тарбиялоодогу эмгектери зор экендигин белгилеп, бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ