Ар бир учурдун «клоундары» болот тура. Эсиңерде болсо «Зима не будет» деген сөзү менен таанылган Арстанбек Абдылдаев мурдуна ченеп бышкырбай шайлоого аттанды. Ким бирөө бир кездери «Президенттикке талапкерлерди психикалык жактан текшерүүгө алыш керек»-деген эле. Бул сөз өз чындыгына тартып барат. Эгер Абдылдаевге окшогон ар кайсы аалам менен байланыша алчу «антеннасы» барлар каалаганын дөөрүп, каалаганын жасай бере турган болсо чын эле текшерүү зарыл. «Президенттик деген энеңдин оюну эмес да, ар ким сыноо кылгыдай»-деп бир аттуу баштуу адам да айткан. Анын сыңары кыш болот, жай болот деген «жайчылар» эртең эл башына келсе эмне тагдыр күтөт? Ойлонбойлубу?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ