Menu

Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго Эдил Байсаловдон Ачык кат

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Оболу сизди партиялаштарыңыздын Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары көрсөтүлүшүңүз менен чын дилден куттуктайм!

Мындай ишенимге жетиш үчүн сиз кыйла эле узак жол бастыңыз, жакшы иштедиңиз, элиңиздин жооптуу ишин аркалачу эң жогорку бийлик тепкичине талапкер болуп катталып, атаандаштыкка чыгууга толук акыңыз бар.

Мен сизди дайым сыйлап келгенимди, анымды окурмандарым алдында дагы бир ирет кайталап отуруунун бул жерде кажаты деле жокпу деп ойлойм. Кийинки кездери сиз тууралуу менин пикиримди сурагандардын баки-жогуна сиздин кайсы бир жерде жеңил-желпи жүрбөгөнүңүздү, жеңилбаа кылганыңызды эч жерден учуратпаганымды жана сиз тууралуу андай сөздү эч кимден укпагандыгымды айтып келатам. Сизди жакындан жакшы билгендер деле ошондой пикирде болуш керек деп ойлойм, партиялаштарыңыз, кесиптештериңиз, кол алдыңызда иштегендер, тууган-урук, жек-жаат, жадесе кошуналарыңыз да ушундай пикирде болуш керек.

Бирок ошол эле кезде сиздин жөнөкөйлүгүңүздү, жапакечтигиңизди, анан да жупунулугуңузду айрымдар чечкинсиз жана да жүүнү боштугуңуз катары сыпаттап, жетекчиликке жарабас сапаттар катары айтып келатышат. Ошондуктан сизди жакшы билбеген көпчүлүк кыргызстандыктардын көңүлүндө мамлекет башчы болуп шайланып калсаңыз өлкөнү башкаруу тизгинин бекем кармай алар бекен, баарын ачылтып-чачылтып бийлик башында отургандарга элдин укугун басмырлатып, мамлекет мүлкүн камчы башына ченеп бөлүп кетишпейби деген күдүк суроо турат.

Менин жаман оюмда сиз деле көпчүлүк кыргызстандыктардай чех прессасы ачык эле жазып жаткан маалыматтар менен Liglass Trading фирмасы тууралуу биздин өз алдыбызча жүргүзгөн иликтөөбүздүн жыйынтыктарын окуп төбө чачыңыз тик турган болуш керек деп ойлоп отурам. Бул компания буга чейин майда-чүйдө айнек буюмдарын сатып жүргөн, дегеле гидроэнергетика жаатында иштебеген, атүгүл кийинки жылдары иштебей калган, иштеген жылдары чыгымдардан башы чыкпаган, жүгүртүүдөгү каражаты он миңдеген АКШ долларынан ашпаган ишкана экени ачылып калбадыбы.

Кыргызстан коомчулугу бийлик башындагылардан эмне үчүн ушундай арасат фирмага ГЭС куруу укугун берип коюштун себеп-жөнүн айтып берүүнү талап кылып жатса сиздин кол алдыңыздагы аткаминериңиз Өнөр жай жана энергетика мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев бул олуттуу жагдай тууралуу толук эле кабары жок окшойт, мамлекеттик маанилүү ишти жеңил-желпи тамашага чалып түшүндүрүүгө аркет кылып жүрөт.

Нааразы болгон көпчүлүктүн суроосуна Д. Зилалиев кечээ кечинде минтип жооп берип отурат: “бул тек чарбалык гана келишим, ошондуктан аны кимдир бирөөлөрдүн саясатташтыргысы келгени туура эмес”. Анын сөзүн угуп кайсы бир колхоз базарында үч мүшөк картошканы сатуу тууралуу эле сөз болуп жатабы деген ой келбей койбойт.

Д. Зилалиевге гидроэнергетика Кыргызстандын стратегиялык тармагы, жана да биздин өнүгүүбүздүн негизги улуттук ресурсу экени белгилүү эмеспи? Бизден миндеген чакырым алыс турган Чехиянын маалымат каражаттары менен коомчулугу төрт күндөн бери мына ушул көз боёмочулукту талкуулап, Кыргызстан чехтерден алданып калбаса экен деп санаа тартып отурушса, бул жерде биздин мамлекеттик мекеменин башчысы “биз эч нерсе жоготпойбуз” деп эч нерсе болбогондой камсанабай олтурат. Өз милдетине ушундай кайдыгер мамиле кылып, баарына кол шилтеп коюунун жарамсыз үлгүсүн минтип Д. Зилалиев көрсөтүп отурса биздин өлкөнүн өнүгүшү тууралуу кеп кылбай деле койгон оң. Мындайлар апендинин “алма быш, оозума түш” деген кыялын кынтыксыз аткарчулар, иш жүруп кетсе – жакшы, болбой калса деле эч кандай коркунуч жок. Жоопкерчилик жок. Кыргыз өкмөтүндө отурган азаматтардын бирөөсү дүйнөлүк жана чөлкөмдүк катаал атаандашуу шартында өнүгүүнүн бекерге кеткен ар бир айы өлкөнү жылдарга арта турганын мынабул зилалиевдерге түшүндүрүп коюуга убакты-сааты жокпу? Ушундай жалкоо, өзүм билем жана иштин көзүн таба албагандардын айынан өлкө миллиарддардан кол жууп, ала турган кирешесинен куржалак калууда. Иштелип чыкпаган ар бир мегаваттын айынан дагы миндеген кыргызстандыктар өз жеринде иш таппай чет өлкөдөн жумуш издөөгө мажбур болушат.

Liglass Trading фирмасы “жүгүртүүдөгү 2 миллиард АКШ доллары” жана “жалпы кубаттуулугу бир гигаватт” тууралуу маалыматы калп экендиги айныксыз далилденди. Компаниянын Чехия, Армения, Орусия жана Италияда ГЭС куруу жана ал жерлерде ишти уюштуруу тууралуу маалыматтары да жалганга чыгууда. Бул жигиттердин жадесе отурчу жери да жок экен, гидроэнергетика боюнча адистери тууралуу кеп кылбай эле коёлу. Факт ушундай!

Д. Зилалиев муну төгүнгө чыгарууга аракет кылбай, баарыбызга шашпай күтө турууну сунуштоодо. Мүмкүн болуп калат дейт окшойт. Чехиялык чакан ишкерлик менен шугулдангандар Кыргызстандын соңку үмүтүнөн бетер зарыгып күтүп отурушубуз керек экен. Булардан башка биздин ишеничти актай турган, кыязы, ишти алдыга жылдыра турган башкалар жок окшойт.

Бизде улуттук ар намыс деген калбай калганбы? Жок дегенде өзүн сыйлоо жоголгонбу? Бизди алдап кетишкенин айныксыз ырастап берсек деле минтип эшик жыртчу алдамчыларга ишенип, “эч нерсе жоготпойбуз” деп камырабай отура беребизби?!

Д. Зилалиевдин иши менен аракети жалпы Кыргызстан элин шылдындоо, басмырлоо болуп жатат!

Жарыяланган конкурс шарттарында чакан ГЭСтерди куруу укугуна ээ болчуларга кандай талаптар коюлары так жазылган, тендерге катышууга “гидроэлектр станцияларын куруу боюнча тажрыйбасы бар; гидроэлектр станцияларын куруу жаатында илимий-методикалык негиздерге жана стандарттарга ээ; өз алдынча каражаттары бар же курулушка зарыл кошумча каражат тартуу мүмкүнчүлүгү бар” укуктук жактарга уруксат берилери так жана ачык көрсөтүлгөн.

Булардын бир да бирөөнө Liglass Trading фирмасы жооп бере албастыгы айкынга чыккандан кийин ал тендердин экинчи айлампасына катыштырылбаш керек эле. Өкмөттүн 2017-жылдын 24-мартында бекитилген Тендер өткөрүү тууралуу жобонун 25-пунктуна ылайык конкурска мүлкүнө камак салынган же экономикалык ишмердиги токтотулган; белгиленегн тартипте банкрот деп табылган; жоюлуп же кайрадан жаңыртылып жаткан жактын катышууга укугу жок болчу. Баса, Liglass Trading компаниясы акыркы отчетторун Чехиянын расмий түзүмдөрүнө акыркы ирет 2014-жылы тапшырган, ошол себептүү ал Кыргызстанга кийинки үч жылдык баланс отчётторун гана көрсотүп отурат. Биздин коомчулукта бул документтер деле жасалма болушу мүмкүн деген шектенүү жаралууда.

Урматтуу өкмөт башчы!

Жогорку Нарын каскады боюнча ойдо жок сценарийдин ишке ашырылышы үчүн 50 күндү күтүүгө деле макул болсок, иши токтолуп калган айнек фабрикасынын мырзалары алеки саатта “Русгидро” үлүшүнө кирчү төлөмгө берилчү 37 миллион долларды таап жиберген күндө деле 10 чакан ГЭС боюнча чех фирмасына ыйгарылган конкурстун жыйынтыгы бүгүнтөн калбай жокко чыгарылышы керек.

Жогорто белгиленген кайчылыктардан тышкары деле жокко чыгарууга негиз берчү мыйзамдык себеп катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2017-жылдын 10-мартындагы Liglass Trading фирмасы менен эч кандай келишим түзбөөгө чакырган катын көрсөтүүгө болот. Коомчулукка жарыя болуп кеткен бул катта биздин дипломаттар Liglass Trading фирмасынын каржылык чама-чаркы жоктугун жана да буга чейин болгон, болуп жаткан соттук процесстерде бул фирма менен кошулуп калган биртоп фирмалардын банкрот деп жарыяланганы конкрет фактылардын негизинде көрсөтүлгөн.

Сиз эч токтоосуз Д. Зилалиевди Өнөр жай жана энегргетика мамлекеттик жетекчилигинен, А. Калиевди Энергохолдинг директорлугунан кызматтан алып, тийиштүү органдарга мамлекеттин баркын түшүргөн чечим кабыл алгандардын, ошондой эле жемкорлукка жол берчү, кызмат абалынан кыянатттык менен пайдалангандардын жоопкерчилигин кароону тапшырышыңыз керек.

Бул жерде негизги маселе “Эмнеликтен КР ТИМ бүтүмүн четке кагып эмнеге негизделип жана кимдер тарабынан чечим кабыл алынган” суроосу болуш керек.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Республика коомчулугу ушу тапта сиздин ар бир кадамыңызга кылдат көз салып турат, ГЭСтер менен Liglass Trading фримасынын айланасындагы талашка кандай мамиле жасарыңыз да көпчүлүктүн баамында, себеп дегенде, эгер сиз шайланып калсаңыз кандай президент болоруңузду түшүнгүсү келишет: мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын сизге ишенип берүүгө болобу же аны башкаларга берүү керекпи, суроосу турат.

Өлкө сизден чечкиндүү кадамды жана Кыргызстан премьер-министри кызматын толук пайдалана аларын күтүп жатат!

Ошону менен бирге сиздин шайлоо алдындагы аракетиңизден тышкары бул жерде кызматын таштап кетчү президент А. Атамбаевдин баркын коргоо жана сактап калуу тууралуу да кеп болууда.

Алмазбек Атамбаевдин жанындагы жарамсыз жардамчыларынын гана айткан-дегенин кылып, Liglass менен келишимдин бекитилишине өзү макулдук беришин, КР ТИМинин жактырбаган бутүмүн билип туруп эле ушундай ишке барган деп элестетүүнүн өзү кыйын. Бул калаты оюндун түшүндүрмөсү бул болушу мүмкүн, кийин тергөөдө айкындалчу белгилүү жооптуу кызматкерлер өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан чыгып кетишкен жана алар президентке жетиштүү жана объективдүү маалыматты беришкен эмес.

Проблеманы чоюп жана кийинкиге калтыруу жекече жоопкерчиликтен качып жаткан зилалиевдердин гана пайдасына иштеши мүмкүн. Бул осол иштин барагын эртерээк жаап, аны ыкчам унутта калтыруу шайлоо алдында турган Кыргызстан үчүн, иштеп аткан президент менен премьер-министр үчүн, республиканын жалпы калкы жана андагы бардык коомдук-саясий күчтөр үчүн маанилүү.

Алдыдагы шайлоодо сизге ийгиликке жетишиңизди каалап кетким келет!

Терең урматым менен,

Эдил Байсалов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: