Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязовдун Ашхабаддагы Ички иштер министрлигинин имаратынын алдындагы алтын жалатылган эстелиги алынды.
Эстеликтин тегереги оңдоо иштерине байланыштуу төрт ай мурда курчалган. Анда өлкө бийлиги Ашхабаддын борборуна 2000-жылдардын башында тургузулган мурдагы президенттин эстелиги алына тургандыгын кабарлаган эмес. Азырынча эстеликтин эмне себептен алынгандыгы да белгисиз бойдон калууда.
Түркмөнстанды 1985-2006-жылдар аралыгында башкарган Сапармурад Ниязовдун тушунда өлкө боюнча анын жүздөгөн эстеликтери тургузулган.
Ашхабаддын борборунда 1998-жылдан бери турган Ниязовдун алтын жалатылган ири статуясы 2011-жылы башка жерге көчүрүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, аны көчүрүү үчүн өлкө бюджетинен 50 миллион АКШ доллары бөлүнгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ