Menu

Өзбекстандын муфтияты абитуриенттер үчүн дубаларды чыгарды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгы расмий сайтына Жогорку окуу жайларга тапшыруу сынактарынан өтүп жаткан абитуриенттер үчүн үч дуба жарыялады.

Окууга тапшырып жаткандардын байланышуу жөндөмдүктөрү менен ийгиликке жетишүүсүнө арналган бул дубалар “ишенимди бекемдетип, болочок студенттер менен алардын жакындарына тынчтык тартуулайт”, деп билдиришти башкармалыктын басма сөз кызматынан.

Биринчи дуба кабыл алуу сынактарынын ийгиликтүү өтүшүн сурайт: “Кудай, машакат тарттырбай жеңилдет. Бул иштин жакшы аякташына жардам бер”.

Экинчиси абитуриенттин баарлашуу жөндөмүн жакшыртууга арналган:

“Кудай! (Сенин жаңылыктарыңды кабыл алуу үчүн) жүрөгүмдү ач. Ишимди жеңилдетип, тилимдеги түйүндү чеч. Алар менин айткандарымды түшүнгүдөй кыл”.

Үчүнчүсү абитурент сынактарда жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшү үчүн анын билимин көтөрүүнү сурайт.

Мусулмандар дин башкармалыгынан абитуриенттерге дубага эле ишенип отура бербей сынактарга тыкыр даярданып, материалдарды толук окуп чыгуу керектигин эскертишти.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: