20-июль күнү таңкы саат 06:30да Бишкек-Ош жолунун 468-чакырымында, Таш-Көмүр шаарына жакын жерде 3 автоунаа катышкан оор автокырсык болуп өткөн. Анын натыйжасында 8 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.
Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча сол рулдуу “Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери 06КG 359 AAI) автоунаа 9 адам менен Бишкек шаарынан Ош шаарын көздөй бараткан. Жолдун 468-чакырымында айдоочу, 1991-жылы туулган Өзгөң районунун тургуну Д. Санжарбек өз жолунан чыгып, каршы келаткан оор жүк ташуучу MAN үлгүсүндөгү машина менен кагышып оонап кеткен да «Хонду Одиссей» жеңил автоунаасына урунган. Натыйжада 8 адам каза болуп, 4 адам жаракат алышкан. Айдоочу тирүү калган.
https://www.youtube.com/watch?v=2M-ahF0gxqQ
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео Тrassa Taxi
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ