Menu

Маяковский аймагындагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу аймактагы 2 үй-бүлөө башка коопсуз жайларга көчтү

Бөлүшүү:

Бул тууралуу ӨКМнин Жумгал району боюнча бөлүмүнүн башчысы лейтенант Улан Эсеналиев маалымдады. Анын айтымында, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын Туюк-Суу, Маяковский, Оргтехника заводунун жана Молодежный аймактарында, Арал-Миң-Куш, Миң-Куш-Ыраакы-Миң-Куш, Миң-Куш-Кызыл-Сөөк унаа жолдорунда жер көчкү коркунучу бар.

Туюк-Суу аймагында жер көчкү активдешүүсү 2004-жылы байкалган, ал эми Маяковский аймагында 2003-жылы активдешүү процесси болгон.

Бүгүнкү күндө, Туюк-Суу аймагында 23 үй-бүлөө, Маяковский аймагында 2 үй-бүлөө турмуш тиричилигин улантып, башка коопсуз аймактарга көчүп кетүүдөн баш тартып жашап келишүүдө.

Аталган аймактарда жер көчкү активдешүүсү байкалган учурдан тартып жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү белгиленип, мамлекет тарабынан жардам алууга сунушталган. Бирок, мамлекет тарабынан жардам алуудан айрым жарандарыбыз баш тартып келет.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Миң-Куш айыл аймагынын Маяковский аймагындагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу аймактагы 2 үй-бүлөө мүчөлөрүн башка коопсуз жайларга көчүрүү иш-чаралары белгиленип, 20-июль күнү Миң-Куш айыл өкмөтү, райондук Жарандык коргонуунун көчүрүү комиссиясы жана КРнын ӨКМнин Жумгал району боюнча бөлүмү тарабынан көчүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Белгилей кетүүчү жагдай,  жарандардын социалдык абалын эске алуу менен Миң-Куш айыл өкмөтү тарабынан 1 үй-бүлөөгө коопсуз аймактан үй сатып берип, ал эми 1 үй-бүлөө өз мүмкүнчүлүгү менен алган турак-жайына көчүрүлдү.

Көчүрүү иш-чарасына Миң-Куш айыл өкмөтүнүн аппараты, райондук Жарандык коргонуунун көчүрүү комиссиясынын мүчөлөрү жана КРнын ӨКМнин Жумгал району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тартылып, тиричилик үй оокаттарын көчүрүшүүгө көмөктөштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: