Menu

Кыргыз Республикасы менен Лесото Королевствосунун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасы менен Лесото Королевствосунун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү. Бул тууралуу биргелешкен коммюникеге Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жана Лесото Королевствосунун БУУдагы Туруктуу өкүлү Келебоне Маопе кол коюшту. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Биргелешкен коммюникенин текстинде, тараптардын эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоо, мамлекеттердин ортосундагы теңчилик, мамлекеттин көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо, эл аралык келишимдерди сактоо жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө өңдүү БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максатын жетекчиликке алып дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгү белгиленди.

Биргелешкен коммюникеге кол коюу салтанатынан кийин эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө тараптар БУУнун алкагында мамлекеттердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты эки тараптуу өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун линиясы боюнча эл аралык уюмдарда бир-биринин талапкерлигин колдоо ниетин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: