Menu

Ноокат базарында арзанчылык

Бөлүшүү:

Тогуз жолдун тоомунда жайланышкан Ноокат шаарынын борбордук базарына баш баксаңыз эле арзанчылыктын даамын дароо сезесиз. А түгүл көргөн көзүңө, соодагерлердин айткан сөзүнө дагы таптакыр ишенбейсиз. Кайра-кайра дагы сураштырасыз.

Гүлай МАМЫТОВА, соодагер:

– Кыйла мезгилден бери жалаң гана күрүч сатамын. Буларды ар аймактан (Өзгөн, Баткен, Кара-Кулжа, Өзбекстан, Тажикстан) өзүм чогултуп ташып келемин. Килосун 50 сомдон 140 сомго дейре сатабыз. Пайдасы, кудайга шүгүр, насибинче эле болуп атат. Эң башкысы: кардарларыбызды таптакыр капа кыла элекпиз. Кокус таарынтсак, өздөрү эле бизге экинчи жолобой коюшат.

Абдырахман ЧАЛАБАЕВ, соодагер:

– Жүзүмдүн килосу 150-400 сомдон. А бадамдыкы 200-500, жаңгак – 100-150 сом. Мактанбайын, бирок, кашкайган чындык, Ноокат баразында Ош, Кара-Суу жана Кызыл-Кыя шаарларынын базарларына караганда кыйла эле арзанчылык! Ошондуктан, бизге жакынкы аймактардан гана эле эмес Өзбекстан, Тажикстандан дагы кардарлар келип турушат. Мында Ноокат борбордук базарынын – базар кооперативинин директору Равшанбек Орозалиевдин мээнети абдан чоң! Бул кишинин жигердүү аракетинин аркасында гана бизде баалар эч качан көтөрүлбөстөн, дайыма бир калыпта гана турактуу кармалып келатат.

Бактыгүл АМАНОВА, соодагер:

– Мына, он жети жылдан бери ушул базарда эч жакка жылбай олтурам. Анткени, шартыбыз заманбап. Базардын жетекчилиги биздин кызыкчылыгыбызды такай коргоп, мыйзамсыз жана бейжай текшерүүлөрдөн такай арачылап турат. Анан өздөрү дагы башкаларчылап көрүнгөн иш-чараларга дегеле акча сурабайт. Биз дагы салыктардын жана төлөмдөрдүн дагы башкка түрлөрүнөн өз убагында гана кутулуп турабыз. Менин жеке пикиримче, Ноокат шаарында чаржайыт жайланышкан чоң-кичине базарларды дал ушул борбордук базарга бириктирип, аны бара-бара ирилештирүүгө мезгил жетти. Жергиликтүү бийлик муну кечеңдетпестен ойлонууга тийиш!

Ноокат шаарындагы райондук борбордук базардын алкагында 2012-жылы Ноокат базар кооперативи уюшулган. Бул мекеменин директору Равшанбек Орозалиев алыскы сапарда экен. Анын орун басары Кубанычбек Алиевди издеп олтурбастан базардын өзүнөн эле дароо таптык.

– Жалгыз ушул гана базарда 500гө чукул соодагер эмгектенет. Көрдүңүздөр го, базардын иреттүүлүгүнө жана тартибине көзөмөлүбүз абдан эле күч! – деп кепке кошулду Ноокат шаарындагы базар кооперативинин директорунун орун басары Кубанычбек Алиев.

– Ошону үчүн, көз тийбесин, бизде арзанчылык! Жалгыз эле мисал, өзүңүз билесиз, Ош шаарында эттин килосу 330 сомдон сатылып жатат. А Ноокатта көрдүңүз го 280 сомдон эле. Салыкка жана электр энергиясына сокур тыйын карызыбыз жок! Мындан тышкары Ноокат шаарынын бюджетинин толтурулушуна дагы барандуу салым кошуп келатабыз.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: