Menu

“Щедросттогу” щедрыйлык шылып кетпесе экен

Бөлүшүү:

Борбор шаарыбыздагы Б.Бейшеналиева көчөсүндө “Щедрость” соода борбору жайгашкан. Ал базар көп жылдардан бери суусундук сата турган жай катары элибизге “Стольный” деген аталышы менен белгилүү. Азыркы учурда “Щедрость” базарын “шедрый” кароолчулар, администраторлор башкарат экен. Алар базардын ичинде канчалаган бош орундарды товар сактоочу жай катары ижарага беришет. Тилекке каршы, андан түшкөн каражат жетпей жаткан окшойт. Бейшеналиева көчөсүндөгү адамдар өтө турган жолду (тротуарды) аялдамага чейин суусундук сатуучуга берип коюшкан. Тротуарга суусундугун жайнатып саткан Арстан агабыз мыйзамсыз экенин мойнуна алды. Бирок бул жол менен адамдар өтүшү керек. Жайнаган суусундугу 30 градус ысыкта эмес, белгилүү температурада сакталып сатылышы зарыл. Жип менен тартып койгон чатырын, темир менен тосуп алган кире беришиң ары-бери өткөндөргө жолтоо болбошу керек деп эч ким айтпаса керек. Ошондуктан өзүлөрүн-өзү билип, атасы куруп койгон бастырмага чатыр жасап алгансып аялдамага чүпүрөгүн илип коюп, соода-сатыгын кылып отурушканына күбө болдук.

Ал го ал дейли. “Щедрость” базарынын капталында да “шедрый” сүт азыктарын саткан эжекелер бар экен. Алар чаламандын чак түшүндө сүзмө, айранынын көбүн эшиктен сатышат. Арстан агадай чүпөрөк да тартып алышкан эмес. Аныкындай сүт, айран куя турган идиштеринин оозу да жакшы жабылбайт. Целлофан баштыктар менен гана байлап коюп, клиент келе калса оозуна тиштей калып сата беришет.

Ой, “Щедрость” базарындагы чаржайыттыкты ким көзөмөлдөш керек. Ленин райадминистрациядан сурасак эконом бөлүмү тейлейт дешти, кызматкери ордунда жок. Базардын администраторуна кайрылалы десек кечке келген жок. Кароолчусу корсоңдоп, милдетин аткарганы менен жооп бере албасы белгилүү.

“Фабула” гезитине элдин кайрылуусу менен келгенибизди айтып, Ленин райадминистрацияга да, “Щедрость” базарынын кароолчусуна да телефон номерибизди таштаганбыз. Бир да чалышкан жок. Баягы жер баягы бойдон… Же сөзсүз эле ачыган айран ичип ууланып, күнөстөп калган сок ичип отравление болгондо соктордон секирбей өтүп калабызбы?…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: